Бөлүмдөр
Ишемби, 16-декабрь
69.75    82.48    1.19    KZT 0.21
Жалал-Абад

Эл ичи — өнөр кенчи: Аксылык Илияс эр таймаш боюнча Азиянын 3 жолку чемпиону болду (фото)

Turmush -  Аксы районунун Кара-Суу айылынын 24 жаштагы тургуну Чыңгызбек уулу Илияс эрежесиз эр таймаш боюнча Азиянын 3 жолку, грэпплинг боюнча 1 жолку чемпиону болууга жетишти. Аймактык кабарчы мушкер жигит менен таанышты.

Өзүнүн айтымында, учурда Юридикалык академияда билим алууда.

«Спортко 2012-жылы аралаша баштадым. Күрөшкө катышып калышыма таластык Самат деген досум чоң түрткү болгон. Мен өзүм Чуйков атындагы көркөм сүрөт окуу жайында окуп, күнүмдү сүрөт тартуу менен өткөрчүмүн. Досум мени залга өзү менен кошо алып барып жүрүп спортко аралаштырды. Ошентип Тиленчиев Нурлан агайымдын колунда машыга баштадым.

Башында кармаш уруш менен машыгып, мелдештерге чыгып жүрдүм. Кийин күрөштү толук кандуу түшүнүп баштаганымдан бери грэпплинг жана эрежесиз эр уруш боюнча да машыгып, ийгилик жарата баштадым. Албетте кыйынчылыктар көп болот. Бирде колуң кайрылса, бирде мурдуң сынып, бул нерсени таштап да салгың келет. Бирок жеңишке оңой жол менен жете албасымды билип, моюн сунуп келем.

Кармаш уруш боюнча Азиянын 3 жолку, грэпплинг боюнча 1 жолку чемпиону болууга жетишим. Мындан тышкары Астанада өткөн мелдеште 3-орунду багындырып келдим. Келечекте спорт менен Кыргызстанды дүйнөгө таанытсам деген тилегим бар», - деди ал.

Мушкер жигит үй-бүлөдө 3 бир туугандын улуусу.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 768
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×