Бөлүмдөр
Ишемби, 16-декабрь
69.75    82.48    1.19    KZT 0.21
Жалал-Абад

Кыргызстандык жаачы А.Садырова КМШ өлкөлөрү арасындагы фестивалда 1-орунду ээледи (фото, видео)

Turmush -  Кыргызстандык жаачы Асел Садырова Россиянын Ульяновск шаарында өткөн КМШ өлкөлөрүнүн улуттук оюндарынын фестивалына катышып, кыздар арасында жаа атуу мелдешинде 1-орунду багындырды. Жеңүүчү менен аймактык кабарчы таанышты.

А.Садырованын айтымында, мелдешке 12 мамлекеттин спортчулары катышты.

«Акыркы 2 жыл ичинде ар кандай мелдештерге катышып, 11 медалга ээ болдум. Анын ичинен алтоо алтын, үчөө күмүш, экөө коло медаль. Манас оюндарында жаа атуу боюнча кыз-келиндер арасында 1-орунду багырдырып, алтын медалга ээ болгом. Көчмөндөр оюндарында коло медаль тагындым. Россияда өткөн КМШ өлкөлөрүнүн улуттук оюндарынын фестивалында жаа атуу боюнча мелдеште жеңишке жеткеним өзүм үчүн абдан сыймыктуу болду. Анда бат атуу категориясында 1-орунга, таамай атууда 2-орунга чыгып, командалык мелдеште 2-орунду алдык. Ошентип Россиядан 3 медалдын ээси болдум. Кыргызстандын желеги көтөрүлүп, гимни ойногондо төбөм көккө жетти. Сүйүнгөнүмдү сөз менен түшүндүрө албайм. Биринчи жолу өлкөнүн атынан чыгып, ийгиликке жеттим. Эми Үчүнчү дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына даярданып жатам», - дейт жаачы. 

Ал белгилегендей, жаа атуу ийилчээктикке тарбиялап, ойду бир жерге топтоого үйрөтөт.

«Жаа атууга бала кезимден эле кызыкчумун. Эркек балдар ойногон оюндарга кызыгып, кыздарга көп аралашчу эмес элем. Кийин жаа жабдыктарын сатып алып, машыгып баштадым. Жер-жерлерде өткөн салбурун оюндарына катышып, жеңиштин даамын тата баштадым.Чеберчиликке жетиш үчүн көп эмгек керек. Өзүнүн ишин мыкты билген Кылычбек Нурманбетов жана Нурбек Болотов аттуу агайлардан таалим алдым.

Жаа атуунун өзүнүн эрежелери бар. Жаа атуу оюну ийилчээктикке тарбиялап, аралыкты туура аныктоого, таамай атууга, ойду бир жерге топтоого үйрөтөт», - дейт ал.

42 жаштагы Асел Садырова Жалал-Абад облусунун Тогуз-Торо районунда жашайт, 2 кыздын апасы.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 849
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×