Бөлүмдөр
Шейшемби, 22-май
Жалал-Абад

Кыргызстандык балбан Э.Асанов Польшада өткөн дүйнөлүк биринчиликте коло медаль утту

Turmush -  Жалал-Абад шаарынын грек-рим күрөшү боюнча балбаны Эсен Асанов Польшада өткөн дүйнөлүк биринчиликте үчүнчү орунга чыгуу менен коло медаль утуп алды. Бул тууралуу Жалал-Абад шаарындагы Р.Санатбаев атындагы олимпиадалык резерв спорт-мектебинин директору Чынгыз Пиримкулов кабарлады.

Анын айтымында, Польшада 23 жашка чейинки балбандардын грек-рим күрөшү боюнча мелдеши дүйнөлүк деңгээлде биринчи жолу болуп жатат.

«Э.Асанов бул мелдеште төрт беттешүүдө утуп, бир мелдеште утулду. Коло медаль үчүн болгон финалдык беттешүүдө азербайжандык балбанды 1:0 эсебинде утуп алды. Аны КРнын эмгек сиңирген машыктыруучусу Алтынбек Салаев машыктырган», - деди КРнын эмгек сиңирген машыктыруучусу Ч.Пиримкулов.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1103
×