Бөлүмдөр
Ишемби, 16-декабрь
69.75    82.48    1.19    KZT 0.21
Жалал-Абад

Айыл турмушу: Токтогулдук К.Кожокеев бал сатып тапкан кирешесине балдарын бутуна тургузду (фото)

Turmush -  Токтогул шаарынын тургуну Кадыраалы Кожокеев 20 жылдан бери аары багып келет. Аймактык кабарчы балчыдан кабар алды.

К.Кожокеевдин айтымында, аары багуу өтө татаал иш.

«Бул кесипти мага атам үйрөткөн. 20 жылдан ашык бул кесипти аркалап келе жатам. Кудайга шүгүр, үй-бүлөлүк кирешеге салым кошуп келүүдө. Балдарга шаардан үй алып берип, окуу жайдагы акысын төлөп жатабыз. Менин үй-бүлөм эмгекти сүйгөн адамдар. Жубайым экөөбүз тең мамлекеттик мекемелерде иштейбиз. Бал аарыны кароо үчүн дем алыш күндөрү баардык убактымды бөлгөнгө аракет кылам. Аары багуу өтө татаал жумуш. Аарылар абада калкып учуп келишкени менен алардын тиричилиги, жакшы бал топтошу бал челектеги уясындагы жашоосунан көз каранды. Анткени буларга дагы мезгил мезгили менен ар кандай оорулар пайда болуп турат. Аларды жыл сайын дарылап турабыз. Мындан сырткары, бал челектердин сапатын, аарылардын кыш мезгилинде жеген азыгын кылдаттык менен көзөмөл кылуу керек. Кичине катачылык үчүн 1 жылдык аракетиң текке кетип калышы толук мүмкүн. Ошондуктан өтө жоопкерчиликтүү, кесипкөй мамиле кылуу шарт.

Биздин Токтогул району бал өндүрүүгө ылайыкташкан жер болгондуктан бал аары кармаган жергиликтүү тургундар көп. Биздин өрөөнгө ылайыкташып калган аарынын породасын багабыз. Кээ бир бал чарбасын күткөн ишкерлер чет жактардан дагы алып келип жатышат. Учурда менде 130 бал челек бар. Бул жылы түшүм абдан жакшы болду. 1 литр балды жеринен 250 сомдон сатып жатабыз. Көбүнчө Бишкек шаарына сатабыз. Андан сырткары, Сүлүктү, Талас шаарларына жана Ак-Талаа районуна дагы тааныштар аркылуу беребиз. Бул кесипти буюрса улантабыз. Бул абдан кызыктуу жана кирешелүү иш», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1672
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×