Бөлүмдөр
Ишемби, 16-декабрь
69.75    82.48    1.19    KZT 0.21
Жалал-Абад

Фото - А.Атамбаев Жалал-Абадда милиционерлерге жаңы батирлердин ачкычын тапшырды (видео)

Turmush -  Бүгүн, 21-ноябрда Жалал-Абад шаарында милиция кызматкерлери үчүн курулган 100 батирлүү үйдүн ачкычтары тапшырылды, деп билдирди аймактык кабарчы.

Үйдүн ачылыш аземине катышкан президент Алмазбек Атамбаев үйгө жылуулук кирбегенин сынга алып, жергиликтүү бийликке жылуулоо тапшырмасын берди. Өлкө башчы тартип сакчыларын үйлүү болушу менен куттуктап, укук коргоо органдарына ар дайым колдоо болуп келгендигин белгиледи.

Маалым болгондой, көп кабаттуу үйдүн курулуш иши 2016-жылдын октябрь айында башталган. Ал үчүн кыргыз өкмөтү тарабынан 160 миллион сом каражат бөлүнүп берилген. Ал эми курулушту бүткөрүү мөөнөтү долбоор боюнча ноябрь айына белгиленген болчу.

Курулушту «Элит Строй Сити» жоопкерчилиги чектелген коому жүргүздү. Үйлөрдү бөлүштүрүү, тандоо маселеси боюнча Жалал-Абад ОИИБдин алдында турак-жай комиссиясы түзүлүп, мыйзамда белгиленген, талаптарга шайкеш келген критерийлердин негизинде 90 кызматкер тандалып алынган. Алардын арасында кызмат учурунда каза болгон тартип сакчылардын үй-бүлөлөрү, ИИМдин ардагерлери бар. Ал эми калган 10 батир кызматтык үй катары калып, аны алыстан көчүп келип иштеп жатышкан кызматкерлер пайдалана алышат. Жаңы үйгө газ да киргизилген. Бирок суу, жылуулук киргизиле элек.

Өлкө башчы 10дон ашуун кызматкерге үйдүн ачкычын тапшырып, кызматкерлерди жаңы конушу менен куттуктап, үйдүн абалы менен таанышты. Көп батирлүү үйдүн абалын көрүп чыккан соң: «Үй жакшы курулган, бирок жылуулук киргизиле элек экен. Кечээтен тартып жылуулук берилиши керек болчу. Жылуу үй тапшырылмак», - деди.

Бул маселени чечүүнү шаар мэринин милдетин аткаруучу С.Авазовго тапшырды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1336
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×