Бөлүмдөр
Ишемби, 16-декабрь
69.75    82.48    1.19    KZT 0.21
Жалал-Абад

Падыша-Ата коругундагы талашка түшкөн жер боюнча тургундар нааразычылык акциясына чыгышты (фото)

Turmush -  Аксы районунун Кашка-Суу айыл өкмөтүнүн 50дөн ашык тургундары кечээ, 20-ноябрда Падыша-Ата мамлекеттик коругунун кеңсесинин алдына нааразычылык акциясына чыгышты. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Акцияга чыккандар 10 жылдан бери чырга айланып келе жаткан Падыша-Ата коругун мамлекеттин менчигинде калтыруу жана элдик көзөмөлдү толук орнотууну талап кылышты. Жергиликтүү тургундар жеке ишкер Эркин Бегимкулов (ошол учурда ал облустук финансы бөлүмүн жетектеген) 1997-жылы кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдаланып, корукту менчиктештирип алган деп нааразы болууда.

Жеке ишкер менен элдин талашында турган жер 4 гектарды түзсө, анын 2 гектары Падыша-Ата мазары, 2 гектар аянты эс алуучу жай болуп эсептелет. Коруктун айланасындагы талаш боюнча Аксы, Ала-Бука жана Жалал-Абад райондор алык соту бир нече жолу карап чыккан.

Буга чейин Аксы районунун Кашка-Суу айылында жайгашкан Падыша-Ата коругундагы талашка түшкөн 4 гектар жер маселеси боюнча райондук сот чечим чыгаргандыгы маалымдалган.

Жеке ишкер корукту көп жылдык мөөнөткө ижарага алдым десе, айыл өкмөт жетекчилиги келишим мурдагы Авлетим токой чарбасы менен түзүлүп калганын айтып келет. Жергиликтүү тургундар мазар талашка түшкөндөн бери оңдоп-түзөө, жашылдандыруу иши солгундаганын айтып келишет.

Кашка-Суу айылдык кеңешинин депутаты Эралы Шатманов коруктун өнүгүшүнө талаш тоскоолдук жаратып, соттор ишти создуктуруп жатканын белгиледи.

«Падыша-Ата коругу 9 жылдан бери Кашка-Суу айыл өкмөтүнүн эли менен жеке ишкердин талашында турат. 4 гектар жерди жеке ишкер Эркин Бегимкулов 99 жылдык мөөнөткө ижарага келишим түзгөнүн айтып келүүдө. Бирок, Падыша-Ата коругу өз алдынча бөлүнүп чыккандан кийин жаңы келишим түзүлгөн эмес. Ишкер келишимди Авлетим токой чарбасынын карамагында турганда түзгөн. 2013-жылы корук өз алдынча бөлүнгөндө өкмөттүн буйругу чыккан. Анда корук аймагына курулуш курууга тыюу салынып, мурдагы келишимдерди жокко чыгаруу каралган. Ошого карабастан ишкер жаңы келишим түзбөстөн эл менен соттошуп келет. Соттошуулар созулган сайын коруктун аймагын көрктөндүрүүгө жана өнүктүрүүгө тоскоолдуктар жаралып келүүдө. 10 миңдей адамдын эмес, жеке адамдын кызыкчылыгы корголуп жатат», - деген ал.

Падыша-Ата мамлекеттик коругу мурда Авлетим токой чарбасынын карамагында токой макамында турса, кийин 2013-жылы өз алдынча мамлекеттик корук болуп бөлүнүп чыккан. Учурда корук 30 миң гектардан ашык аянтты камтыйт.

Кашка-Суу айыл өкмөтүнүн башчысы Улук Керимкулов соттук иштерден тажаганын белгиледи. Сот отурумдары айыл өкмөттүн жетекчилигин жүдөткөнүн, жеке ишкер 10 миңдей тургундун пикирин эске албай жатканын айтат.

«Чынын айтканда 9 жылдан бери соттук иштерден тажадык. Сот деп жүрүп иштен калып жатабыз. Ай сайын сотко барууга туура келүүдө. 10 миң адамдын оюн жеке ишкер эсепке албай, өзүнүн кызыкчылыгын коргоп келет. Кайрылбаган жерибиз калган жок. Көп жерлерге кайрылганыбыз менен жыйынтык чыкпай келүүдө. Ишкер мени айылдык кеңештин депутаттарын жана коруктун өзүн сотко берип жатат. Мени менен ишкердин соту Жогорку сотко жетсе, корук боюнча сот Аксы райондук сотунда каралууда. Эл азыркы учурда сотторго жана жогорку бийлик өкүлдөрү бул ишти аягына чыгарбаганына нааразы болуп турат», - деди У.Керимкулов.

Тема боюнча:

15.01.2015Аксы районунда Падыша-Ата коругунан мыйзамсыз ээленип алган жер кайтарылбаса, ачкачылык жарыялайбыз, - жергиликтүү тургундар
05.08.2015Падыша-Ата коругу — Кыргызстандын Кызыл китебине киргизилген Семенов пихтасын сактап калуу үчүн түзүлгөн
01.09.2016Аксыдагы Падыша-Ата коругу боюнча сотто мушташкан жарандарга кылмыш иши козголду
18.10.2016Аксыдагы Падыша-Ата коругу боюнча отурумда мушташкан жарандардын иши сотко өттү
14.11.2016Падыша-Ата коругу боюнча отурумда чыккан мушташтан жабыркагандар сотко чакырылган жок
23.06.2017Тогуз жылдан бери талашка түшкөн Падыша-Ата коругунун соттук иши 27-июнда кайра каралат (фото)
08.08.2017Тогуз жылдан бери талашка түшкөн Падыша-Ата коругундагы жер боюнча райондук сот чечим чыгарды
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 499
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×