Бөлүмдөр
Ишемби, 16-декабрь
69.75    82.48    1.19    KZT 0.21
Жалал-Абад

Майлуу-Сууда жаштар катышкан «Менин сүйүктүү шаарым» сынагынын жеңүүчүлөрү аныкталды (фото)

Turmush -  Майлуу-Суу шаарында өткөн жаштар жумалыгы түрдүү саамалыктар менен коштолду. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Жумалыктын алкагында «Менин сүйүктүү шаарым» урааны астында жаштар арасында ыр-бийлер, спорттук оюндар боюнча сынактар өткөрүлүп, байгелүү орундарга ээ болгон жаштарга акчалай сыйлыктар тапшырылды.

Ошондой эле, мекенди сүйүүгө арналган флешмоб да өткөрүлдү. Жаштарга арналган саамалыктарга шаар мэри Н.Маматов да катышып, аларды шаар жана өлкө үчүн салым кошууга чакырды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 409
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×