Бөлүмдөр
Ишемби, 16-декабрь
69.75    82.48    1.19    KZT 0.21
Жалал-Абад

Айыл турмушу: 27 жаштагы Г.Тураев айылына жогорку билимдүү хирург болуп кайтып келди (фото)

Turmush -  Аксы районунун 27 жаштагы тургуну Гиёзжон Тураев өзү өскөн айылга келип, хирург болуп эмгектенүүдө. Аймактык кабарчы дарыгерден кабар алды.

Өзүнүн айтымында, ал 2006-жылы орто мектепти аяктап, Бишкек шаарындагы Кыргыз-орус славян университетинин медицина факультетин аяктаган. Эмгек жолун Ош шаарындагы өлүкканада баштаган.

«Алгач эки жыл Ош шаарындагы өлүкканада иштеп жүрдүм. Андан кийин Жалал-Абад облусуна караштуу Сузак районуна келип, райондук ооруканада 7 ай иштедим. Андан кийин Таш-Көмүр шаарында бир жыл эмгектенип, андан соң өзүм чоңойгон Кызыл-Жар айылына келип, хирург болуп иштеп жатам. Таш-Көмүр шаарында иштеп жүргөндө жумуш абдан оор эле. Шаар Ош—Бишкек унаа жолунун жээгинде болгондуктан, жол кырсыгынан жабыркаган бейтаптар көп түшчү. Кээде операциядан чыккандан кийин ооруканада жатып калган күндөр да болот. Ал эми айыл жергесинде оор операция деле болбойт. Айрым учурларда Шамалды-Сай шаарчасы, Таш-Көмүр, Кочкор-Ата жана Жалал-Абад шаарына барып, операцияларга катышып келем», - деди ал.

Дарыгер ооруканадагы операциялык блокто айрым аппараттар жетишсиздигин кошумчалады.

«Биздин ооруканада кадр маселеси боюнча көйгөй жаралбайт. Бирок операциялык блокто бир топ кемчиликтер бар. Эгер бул маселе чечилсе, муктаж болгон учурда операцияларды өзүбүз жасайт элек. Бүгүнкү күндө наркоз берип уктатуучу аппараттын жана операция аяктагандан кийин тигүүчү аппараттын жоктугунан биз бейтаптарды Шамалды-Сай шаарчасына алып барып операция жасатабыз. Эгер бул маселелер чечилип калса, айыл элине жана элеттик дарыгерлерге оңой болот эле», - деди хирург.

Кызыл-Жар айылындагы Расулбек Батырбеков атындагы аймактык оорукана 26 миңден ашуун калкты тейлеп келет.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 982
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×