Бөлүмдөр
Ишемби, 16-декабрь
69.75    82.48    1.19    KZT 0.21
Жалал-Абад

Айыл турмушу: Айыл чарба эгиндеринин түрүн эккен базар-коргондук дыйкан мээнетинин үзүрүн көрүүдө (фото)

Turmush -  Базар-Коргон районуна карашуу Кеңеш айыл аймагынын тургуну Үмүтжан Курбанов жашоосун дыйканчылыкка байлаган. Ал үлүш жерлерине жашылча-жемиштердин, айыл чарба эгиндеринин түрүн эгип, аны карап, түшүмүн жыйноо менен алек болот. Аймактык кабарчы дыйкандан кабар алды.

Ү.Курбановдун айтымында, ал жыл сайын уюштурулган жарманкелерге келип өз продукцияларын сатып турат. Быйыл да анын айыл чарба эгиндеринин түшүмдүүлүгү жакшы болгон. Азыркы тапта помидор, ашкабак, бадыраңдарынын акыркысын жыйнап, жогору баа менен сатууда.

«30 сотых помидор эккенбиз, 15 тоннадан ашык түшүм берди, помидордун киллограммын алгач он сомдон сатсак, акыркыларын 25-30 сомдон сатып жатабыз. 2008-жылы 3 сотых жерге күнөскана куруп, ал жерге 3 миң түп бадыраң эгип келебиз. Андан 1500 тоннадан ашык түшүм алабыз. 1,5 гектар жерге ашкабак эгип, түшүмүн 5 сомдон 30 сомго чейин саттык. 30 сотых жерге жыл сайын коон өстүрүп, быйыл 500 даанасын сатып, миң даанасын байлап койдук. Кыш мезгилинде баа көтөрүлгөндө базарга алып чыгабыз. Мээнет кылсаң эле акыбети сөзсүз кайтат», - дейт элеттик дыйкан.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 510
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×