Бөлүмдөр
Ишемби, 16-декабрь
69.75    82.48    1.19    KZT 0.21
Жалал-Абад

Майлуу-Суу – Сары-Бээ жаңы жолу ишке берилди (фото)

Turmush -  Майлуу-Суу – Сары-Бээ жаңы жолу сапаттуу курулуп бүткөрүлүп, пайдаланууга берилди. Бул туурасында ыйгарым укуктуу өкүлдүн басма сөз катчысы маалымдады.

Маалыматка караганда, быйыл 2-майда Майлуу-Суу шаарынын Кара-Жыгач айылына көлөмү 6 млн куб метр түшкөн жер көчкү Майлуу-Суу шаарынын сол жээгиндеги Майлуу-Суу – Сары-Бээ жолун толугу менен басып калган. Анын кесепетинен улам 4 айылды камтыган Сары-Бээ аймактык башкармалыгынын жашоочулары автожол байланышы жок калышкан болчу.

Жергиликтүү жашоочулар тоо боорлоп салынган убактылуу жалгыз аяк жол менен катташып, Майлуу-Суу - Сары-Бээ жолу аркылуу автотранспорт байланышы болбой, кан буугандай токтоп калган. Табигый кырсыктын кесепетин жеринде көрүшкөн өкмөттүн мүчөлөрү Майлуу-Суу шаарынын оң жээгине автоунаа жүрүүчү жолду тез арада салууну ДЭП-38 жол тейлөө ишканасынын жетекчилигине тапшырма берген.

Бүгүнкү күнү узундугу 813 метр, туурасы 8 метр келген жаңы салынган Майлуу-Суу – Сары-Бээ жолу сапаттуу бүткөрүлүп, салтанаттуу түрдө пайдаланууга берилди. Аталган жолдун курулушун Кубанычбек Кулматов жетектеген №38 жол тейлөө ишканасынын жумушчулары бир жарым айдын аралыгында сапаттуу бүткөрүштү. Жаңы жолду салууга КРнын Жол жана транспорт министрлиги тарабынан 13 млн 136 миң сом каражат жумшалды. Мындан сырткары республикалык бюджеттен жолдун долбоорун иштеп чыгуу 22 млн сом сарпталды.

Жаңы жолдун ачылыш аземине арналган салтанттуу жыйынга ыйгарым укуктуу өкүл Кыянбек Сатыбалдиев, өкүлдүн биринчи орун басары Мамасалы Акматов, Майлуу-Суу шаарынын мэри Нурадил Маматов, Майлуу-Суу шаардык кеңешинин төрагасы Бекболот Борбиев, ДЭП-38 жол тейлөө ишканасынын жетекчиси Кубанычбек Кулматов жана Майлуу-Суу шаарынын жашоочулары менен коомчулуктун өкүлдөрү катышты.

«Майлуу-Суу – Сары-Бээ жолу төртүнчү категориядагы жолдорго кирет. Ошол кездеги премьер-министр Сооронбай Жээнбеков бул жаңы жолду курууга кетүүчү каражатты толугу менен республикалык бюджеттин эсебинен чечип берип, биздин жол тейлөө ишканабызга аны тез арада бүткөрүү тапшырмасын койгон болчу. Жолду салууда тоо-таштарды жардыруу иштери дагы кошо жасалды. Бир жарым айдын аралыгында узундугу 813 метр, туурасы 8 метр келген жолду сапаттуу бүткөрүүгө жетиштик», - деди Кубанычбек Кулматов.

Майлуу-Суу – Сары-Бээ жолун салтанаттуу ишке берүү аземинде анын кызыл тасамасын жергиликтүү аксакалдардын катышуусунда облустук жана жергиликтүү шаардык бийликтин жетекчилери кесишти. Майлуу-Суу шаарынын жашоочулары жана Сары-Бээ аймактык башкармалыгынын тургундары жолду тез арада курууга көмөгүн көрсөткөн өлкөнүн башчысына ыраазычылык билдиришти.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 457
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×