Бөлүмдөр
Жекшемби, 22-апрель
Жалал-Абад

Самбо боюнча дүйнөлүк чемпионатта жеңишке жеткен «Шумкар» ротасынын кызматкерин тосуп алышты (фото)

Turmush -  Россиянын Сочи шаарында өткөн күжүрмөн самбо боюнча дүйнөлүк чемпионатта жеңишке жеткен ИИМдин «Шумкар» полкунун кызматкери Улан Абдиманап уулун Жалал-Абад шаарында салтанаттуу тосуп алышты.

Маалым болгондой, дүйнөлүк чемпионат 11-12-ноябрь күндөрү Сочи шаарында өткөн. Анда ИИМдин «Шумкар» полкунун Жалал-Абад шаарындагы ротасынын 1-взводунун сержанты Абдиманап уулу Улан 100 килограммдан жогору салмактагылар арасында күрөшкөн. Мелдештин жыйынтыгында ал 3-орунду ээлеп, коло медаль тагынган. Чемпионатка Кыргызстандан жалпы 17 спортчу (15 эркек, 2 аял) катышкан.

Дүйнө чемпионатынын жеңүүчүсүн Жалал-Абад ОИИБдин жетекчилиги, жергиликтүү депутаттар, мектеп окуучулары, студенттер жана кесиптештери ак калпак, чепкен кийгизип тосуп алышты.

«Буга чейин Ташкентте өткөн Азия чемпионатында 1-орунду алганмын. Бул жолку беттеште алгач Бразилия, кийин Кореянын спортчулары менен беттештим. Алтын байгени алам деген ниетим бар болчу, бирок 3-орунду алып калдым. Мага колдоо көрсөтүп, шарт түзүп берген ИИМдин, ОИИБдин жетекчилигине, машыктыруучуларыма ыраазычылык билдирем», - деди У.Абдиманап уулу.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 857
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×