Бөлүмдөр
Ишемби, 16-декабрь
69.75    82.48    1.19    KZT 0.21
Жалал-Абад

Фото – Майлуу-Суу–Маданият унаа жолунда эки жаңы көпүрө ишке берилди

Turmush -  Майлуу-Суу–Маданият унаа жолунда жолду селден сактоочу эки көпүрөнү салтанаттуу пайдаланууга берүү иш-чарасы болуп өттү. Бул тууралуу ыйгарым укуктуу өкүлдүн басма сөз катчысы маалымдады.

Узундугу 19 чакырымды түзгөн Майлуу-Суу – Маданият жолундагы автомагистралда жазында жүргөн селдер көп учурда жолду бөгөп калып, айдоочулар менен жүргүнчүлөргө бир топ кыйынчылыктарды туудуруп келген. КРнын Жол жана транспорт министрлиги тарабынан жолду селден сактоочу эки көпүрөнүн курулушун бүткөрүүгө №22 жол тейлөө ишканасына республикалык бюджеттен 6 млн сом каражат бөлүп берген.

Көпүрөлөрдүн курулушун тендерде жеңип алган Ош шаарындагы «Элита аймак курулуш» жоопкерчилиги чектелген коомунун куруучулары аягына чыгарышты. Эки көпүрөнү ишке берүүгө арналган салтанаттуу иш-чарага ыйгарым укуктуу өкүл Кыянбек Сатыбалдиев, ыйгарым укуктуу өкүлдүн биринчи орун басары Мамасалы Акматов, Майлуу-Суу шаарынын мэри Нурадил Маматов, жол тейлөө ишканасынын башкы инженери Садырбек Шайдылдаев, Майлуу-Суу шаарынын тургундары менен коомчулуктун өкүлдөрү катышты.

«Майлуу-Суу–Маданият жолундагы селден сактоочу көпүрөлөр өзүнүн натыйжалуулугун көрсөтсө дагы ушундай 3 көпүрөнү курууну көздөп жатабыз. Бул көпүрөлөрдүн курулушу Майлуу-Суу шаарынын жашоочулары үчүн гана ыңгайлуулуктарды жаратпастан Майлуу-Суу шаарындагы электр лампаларын чыгаруучу заводдун продукцияларын экспортко чыгарууда мааниси абдан чоң. Анткени заводдун продукцияларынын экспортко чыгарылып жаткан лампочкалары жолдун начардыгынан улам сапаттуулугун бир кыйла жоготуп келген. Мындан сырткары акыркы 2 жылда 6 чакырым жолго асфальт төшөлдү жана жыл сайын жолду асфальттоо иштери улантылат», - деди өкүл К.Сатыбалдиев.

Эки көпүрөнүн кызыл тасмаларын кесүүгө облустук бийлик менен шаардын жетекчилиги жана жергиликтүү аксакалдар катышып, эки көпүрө көп жылдарга кызмат өтөп берсин деген баталарын беришти.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 292
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×