Бөлүмдөр
Жекшемби, 24-июнь
Жалал-Абад

Кочкор-Атада «Жашоого ооба де» иш-чарасы өттү

Turmush -  Ноокен районунун Кочкор-Ата шаарында тазалык акциясы өткөрүлдү, деп билдирди аймактык кабарчы.

Акцияга мекеме-ишканалардын кызматкерлери, мектеп окуучулары, кесиптик лицейдин жана колледждин студенттери катышты. Кочкор-Ата шаарынын мэриясы тарабынан акциянын катышуучуларына акчалай сыйлыктар жана дипломдор тапшырылды.

Мындан тышкары, Кочкор-Ата шаардык музыкалык мектебинде мэриянын социалдык маселелери боюнча адиси Ч.Турдуматова жана өспүрүмдөр менен иштеген инспектор «Жашоо керемет», «Жашоого ооба де» деген темада тренинг өткөрүштү.

Семинарда жаштарга социалдык көйгөйлөрдү чечүүнүн жолдору туурасында түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, бир нече темада талкуу жана баарлашуу өткөрүлдү. Иш-чарага жалпы 120 адам катышты.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 2168
Көп окулду
×