Бөлүмдөр
Шаршемби, 21-август
Жалал-Абад облусу, Жалал-Абад 17.11.2017 15:18 На русском

Көп күттүргөн шайлоо: Жалал-Абаддын мэрин шайлоо күнү белгиленди (талапкерлер)

Turmush -  Жалал-Абад шаарынын мэрин шайлоо 23-ноябрда өтөт. Учурда мэрлик кызматка 2 талапкер чыкканы белгилүү болду.

Борбордук шайлоо комиссиясынын Жалал-Абаддагы өкүлү Дамир Жүндүбаевдин айтымында, көпчүлүк «Ийгилик» коалициясынан учурда мэрдин милдетин аткаруучу Салайдин Авазов жана «Өнүгүү-Прогресс» фракциясынан Майрамбек Адылбеков мэрликке сунушталды.

«Талапкерлерди каттоо 11-ноябрга чейин жүрдү. Калаа башчылыгына эки талапкер катталды. Жаңы мэрди шайлоо 23-ноябрда өтөт», - деди Д.Жүндүбаев.

С.Авазов

С.Авазов

М.Адылбеков

М.Адылбеков

Буга чейин шаардык кеңештин 8-чакырылышындагы депутаттардын башы бирикпей келген. Алгач «Республика — Ата Журт», «Ата Журт» жана «Өнүгүү-Прогресс» фракциялары биригип, «Биримдик» көпчүлүк коалициясын түзүшкөн. Бирок депутаттар бириге албай, тарап кетишкен эле. Андан кийин КСДП, «Республика», «Кыргызстан» жана «Мекеним Кыргызстан» партиялары биригип, «Жаңы Багыт» коалициясын түзүлүп, алар да иштеп кеткен эмес. Үчүнчү жолу КСДП, «Ата Журт», «Мекеним Кыргызстан», «Республика» фракциялары «Ийгилик» көпчүлүк коалициясын түзүшүп, бул сапар шаардык кеңештин төрагасы шайланды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×