Бөлүмдөр
Ишемби, 16-декабрь
69.75    82.48    1.19    KZT 0.21
Жалал-Абад

Базар-Коргондогу мугалимдер күнөскана куруп, лимондун алгачкы түшүмүн жыйнап жатат (фото)

Turmush -  Базар-Коргон районуна караштуу Алишер Навои атындагы орто мектеби долбоордун незинде 3 сотых жерге күнөскана куруп, лимондун көчөтүн отургузушкан. Кечээ, 16-ноябрда мектептин жамааты алгачкы түшүмүн жыйноого киришти, деп билдирди аймактык кабарчы.

Аталган мектептин директору Мамасалы Кабировдун айтымында, мектеп БУУнун «Азык-түлүк» программасына кирип, башталгыч класстын окуучуларына ысык тамак берилип келген. Долбоорго ылайык быйыл «Азык-түлүк» программасы тарабынан балдарга тамак берүү токтоп, бирок бул кадамды улантып кетүү зарыл болгон. Мындан улам «Азык-түлүк» программасына көмөкчү айыл чарбаны уюштуруу максатында күнөскана куруу боюнча долбоор жазылып, ал колдоого алынган. Анын натыйжасында БУУнун «Азык-түлүк» программасы 289 миң сом, айыл өкмөт 140 миң сом бөлгөн, андан сырткары ата-энелер да өз демилгелери менен каражат топтошуп, аталган күнөскана курулган.

«Былтыркы жылдын март айында 30 түп лимон отургуздук, быйыл түшүмүн жыйнап жатабыз. 500 түп лимон бар. Алгач балдарга берилет, андан кийинкисин сатабыз деп турабыз. Мындай кадам ата-энелердин демилгеси менен болгон. Бул лимонду сатуу менен ата-энелерге жардам берүү, ундун чыгашасын жабуу аракеттери көрүлөт. Лимондон сырткары помидор, бадыраң, укроп эгип жатабыз. Бул жашылча-жемиштер балдарга берилет», - деди мектеп директору.

Маалым болгондой, Алишер Навои атындагы орто мектебинде миңге чукул бала билим алат. Анын ичинен 382 окуучуга ысык тамак берилет. Мектеп имараты 1966-жылы пайдаланууга берилген.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 405
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×