Бөлүмдөр
Ишемби, 16-декабрь
69.75    82.48    1.19    KZT 0.21
Жалал-Абад

Базар-Коргондо 14 млн сомго жаңы мектеп курулду

Turmush -  Базар-Коргон районуна караштуу Арсланбап айыл аймагында жаңы курулган Бел-Терек атындагы орто мектеп ишке берилди, деп билдирди аймактык кабарчы.

Ачылыш аземге Базар-Коргон районунун акими Айбек Бегимкулов, билим берүү бөлүмүнүн башчысы Тыныч Усенов, Арстанбап айыл аймагынын башчысы Улукбек Таштанбеков жана жергиликтүү тургундар катышты.

Буга чейинки мектептин имараты 1960-жылы курулган. Ал ӨКМдин корутундусу менен авариялык абалда деп табылган. 2015-жылы жаңы мектептин курулушуна республикалык бюджеттен 36 млн сом бөлүнүп, курулуш иштери жүргүзүлгөн. Учурда 150 орунга ылайыкташкан мектеп 14 млн сомго курулуп, пайдаланууга берилди. Эми калган каражатка ашкана жана спорт зал курулмакчы. Мектепте 228 окуучу билим алса, 21 мугалим иштейт.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 461
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×