Бөлүмдөр
Ишемби, 16-декабрь
69.75    82.48    1.19    KZT 0.21
Жалал-Абад

Фото — Токтогул шаарында күз жармаңкеси өттү

Turmush -  Токтогул шаарынын борборунда күз жармаңкеси өткөрүлдү, деп билдирди аймактык кабарчы.

Ага райондун аймагындагы бардык айыл өкмөттүн дыйкандары жана жеке ишкерлер катышып, өздөрү өндүргөн азык-түлүктөрүн сатыкка чыгарышты.

Жармаңкеде райондун продукцияларынан тоо балы, жергиликтүү жеке ишкер тарабынан 3 жылдан бери чыгарылып жаткан «Кетмен-Төбө суусундуктары», жер-жемиштер жана ат жабдыктар, кол өнөрчүлөрдүн жасаган буюмдары сатыкка чыгарылды.

Токтогул районунун акими М.Сатымкуловдун айтымында, бул жармаңкеде райондун тургундары республиканын аймагына сатыкка чыгып жаткан жергиликтүү продукциялар менен таанышууга чоң мүмкүнчүлүк түзүлүп жатат. «Мындай жармаңкелерди жыл сайын өткөрүүнү пландап жатабыз», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1138
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×