Бөлүмдөр
Ишемби, 16-декабрь
69.75    82.48    1.19    KZT 0.21
Жалал-Абад

«Жеңеке»: Жолдошу менен аскер бөлүктө иштеген Назгүлдү кайын журту «спецназ, каратист» келин дешет (фото, видео)

Turmush -  «Жеңеке» долбоорунун кезектеги каарманы — Сузак районунун 29 жаштагы тургуну Назгүл Төрөмаматова. Назгүл жолдошу Тимур Жапаров менен бирге Улуттук гвардиянын №704 аскер бөлүгүндө эмгектенип келсе, жакында жолдошу Баткен облусундагы №707 аскер бөлүккө которулган.

Ал эми Назгүл төртүнчү чүрпөсүн жарык дүйнөгө алып келгенине 2 ай убакыт болгонуна карабастан кайрадан өз жумушуна чыккан. Ал аскер бөлүктө өткөн түрдүү иш-чараларга, сынактарга активдүү катышып келет. «Пагончон айым - 2015» сынагында баш байгени жеңип алса, 2005-жылы парашюттан секирүү боюнча сынакта да байгелүү орунду камсыздаган. Анын аскер кызматкери болуу тилеги турмушка чыккандан кийин аткарылды.

«Мен бала кезимде кыздардын армиясы болсо, аскер кызматкери болсом дечүмүн. Бизде кыздардын армиясы жок болгондуктан, мектепти бүткөн соң Жалал-Абад медициналык колледжге тапшырып, фельдшер адистигин бүтөрдүм. Шаардагы ооруканалардын биринде иштеп жүрүп турмушка чыктым. Жолдошум Тимур №704 аскер бөлүккө жумушка орношуп, мени да «жумушка кир, чогуу барып-келебиз» деп калды. Жаштайымда аскер кызматкери болгум келгендиктен, сүйүнүп эле макул болгом. Биринчи форма кийген күнүм эстен кетпейт, кубанып, абдан толкунданып жүргөм. Аскердик форманын өзүнүн касиети бар. Жумушуңду сүйсөң кыйынчылыгына карабайсың, баарына кайыл болосуң», - дейт Назгүл.

Ал 2005-жылы жумушка киргенде эле парашюттан секирүү боюнча сынакта байгелүү орундарга жетишкен. Назгүл айымды кайын журту дайыма колдоп, кубаттап турушат жана аны менен сыймыктанышат. Кээде кайын журту «биздин келин спецназ, каратист келин» деп тамашалап калышат.

«Аял киши үчүн үй-бүлө биринчи орунда турат, менин жолдошум кубаттаганы үчүн кыйынчылыгы деле билинбейт. Бирок мүнөзүң өзгөрүп калат экен. Ошол үчүн кайын журтум тартипти бекем койгон келин деп күлүп калышат. Мекенди коргоочулардын саламаттыгын кароо менин биринчи милдетим», - дейт Назгүл Төрөмаматова.

Жолдошу Тимур Жапаров да жубайына дайыма колдоо көрсөтүп келгендигин айтат.

«Жумушка өзүм үндөп келгем. Жок дегенде жоокерлердин саламаттыгын карап, мамлекетке салым кошсо дейм. Эки башка Назгүлдү көрсөң болот. Үйдө шайыр, мээримдүү, жароокер жубай, ал эми жумушта тартипке бекем аскер кызматкери болот. Мекенди коргоо ар бирибиздин милдетибиз», - дейт жолдошу.

Учурда жубайлар эки уул, эки кызды тарбиялап, ошол эле учурда мекенге ак эмгек өтөп жатышат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 3585
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×