Бөлүмдөр
Бейшемби, 23-ноябрь
69.7    82.04    1.18    KZT 0.21
Ош

Ош облусунда 7 жылда 13 адам сатылган, - милиция

Turmush -  Ош облусунда 7 жылда адам сатуу боюнча 13 факты аныкталып, 6 адам сот жообуна тартылды. Адам сатууну алдын алуу жана күрөшүү боюнча Чоң-Алай, Өзгөн, Ноокат, Араван райондорунда  семинар-кеңешме өткөрүлдү, деп билдирди кабарчы.

Ага жергиликтүү бийликтин өкүлдөрү, социалдык педагогдор, медицина кызматкерлери, жаштар уюмунун активисттери жана дин өкүлдөрү чакырылган. Семинарда долбоор жетекчилери адам сатуу көйгөйүнөн чыгуунун жолдору боюнча кыскача маалымат менен тааныштырды. Ош облустук ички иштер башкармалыгынын өкүлү, милициянын подполковниги Жеңиш Аширбаев адам сатуу боюнча Ош облусундагы кырдаал жана кылмыш жасаган адамдардын мыйзам алдындагы жоопкерчиликтери туурасында маалымат берди. Анын айтымында, Ош облусунда 2010-жылдан бери адам сатуу боюнча 13 факт катталып, 6 жаран сот жообуна тартылган. Адам сатууга шектүү 3 жаран бүгүнкү күндө издөөдө.

Ош облусунун казысынын орун басары Нурбек Орунбаев диний көз караштагы жарандардын адам сатууга каршы аракеттери жана кылмыштын алдын алуудагы мамилелерине токтолду. Ошондой эле, өкмөттүн Ош облусундагы өкүлчүлүгүнүн жооптуу кызматкери Айтмамат Азамжан уулу иш-чаранын негизги максатына токтолуп, жарандардын суроолоруна жооп берди.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 326
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×