Бөлүмдөр
Бейшемби, 23-ноябрь
69.7    82.04    1.18    KZT 0.21
Жалал-Абад

Жалал-Абадда айыл чарба жармаңкеси өттү (фото)

Turmush -  Бүгүн, 15-ноябрда Жалал-Абад шаарында айыл чарба жармаңкеси өтүп, дыйкандар өз продукцияларын сатыкка коюшту, деп билдирди аймактык кабарчы.

Айыл чарба кызматкерлеринин күнү белгиленген саамалыкка өкмөттүн Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басарлары Ырысбык Ызабеков, Мамасалы Акматов баштаган бийлик өкүлдөрү катышып, жармаңкеге коюлган дыйкандардын эмгектерин көрүп чыгышты. Бул жармаңкеде Базар-Коргон, Сузак райондорундагы жана Жалал-Абад шаарындагы дыйкандар өз продукцияларын алып чыгып, сата алышты. Анда айыл чарба, дан азыктары, жашылча-жемиштер, жаңгактан жасалган кыямдар коюлду. Алар базар баасынан арзан баада сатылып, соода кылгандар арбын болду.

Өкүлдүн орун басары Мамасалы Акматовдун айтымында, жармаңкени өткөрүүнүн бирден бир максаты — дыйкандарды колдоо, алардын эмгектерин жайылтуу.

«Бүгүн биз дыйкандарды колдоо үчүн ушул жармаңкени уюштурдук. Бул дыйкандар жана эл үчүн жакшы мүмкүнчүлүк десек болот. Дыйкандар эч кандай ортомчулары жок эле өздөрүнүн жемиштерин, азыктарын сатып жатышат. Эл дагы жеңилдетилген баада алганга мүмкүнчүлүк түзүлдү», - дейт М.Акматов.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 207
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×