Бөлүмдөр
Бейшемби, 23-ноябрь
69.7    82.04    1.18    KZT 0.21
Баткен

Баткенде окуучулардын чоң жигиттер менен мушташы иликтенип жатат

Turmush -  Баткен облусунун Айдаркен шаарында окуучулар менен мектепти аяктап кеткен жигиттердин 3-ноябрдагы мушташы иликтенип жатат.  

Өздүк булактардын маалыматына караганда, Айдаркен шаарындагы №20 мектептин 9-10-11-классынын окуучулары менен мектепти бүтүп кеткен балдардын ортосунда пикир келишпестиктен мушташ чыккан. Балдар топтолуп, ортодо 2 бала мушташкан. Жабыркаган баланын жакындары милицияга кайрылган. Учурда бул факты Баткен ОИИБде каралып, тергөө иштери жүргүзүлүп жатат.

Мектепте окуучулардын ата-энелерине милиция кызматкерлери тарабынан түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 425
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×