Бөлүмдөр
Бейшемби, 23-ноябрь
69.7    82.04    1.18    KZT 0.21
Чүй

Айыл турмушу: Кызыл-туулук багбан А.Кадыров алманын көчөтүн өстүрүп, бирөөнү 250 сомго баалайт (фото)

Turmush -  Сокулук районунун Кызыл-Туу айыл аймагынын 54 жаштагы тургуну Абдрахман Кадыров алманын көчөтүн жерге күз мезгилинде отургузуп, эксперимент жасады. Ал аймактык кабарчыга анын жыйынтыгы тууралуу айтып берди.

«Күз мезгилинде 3 гектар жерге 2,5 миң көчөттү отургуздук. Эрте жазда арасынан гүлдөгөндөр пайда болуп, мөмө түйүп баштады. Алма күзүндө бышып калды. Алманын жарым карлик деген түрүн отургузгам. Бул эксперименттин жыйынтыгы менен алманын көчөтүн эрте жазда эмес, кеч күздө отургузуу керек деген тыянак чыгардым. Негизи алманын аталган түрү тамырды көп чыгарат экен. Чоң бактардын тамыры андай көп болбойт. Демек алманын жарым карлик түрү тез өсөт», - деди ал.

Багбандын айтымында, ал өстүргөн көчөттөрдүн бир түбү 200-250 сомго бааланат.

«Алманын бир топ түрүн өстүрүп, анын ар биринин сырын жакшы билем. Үйүмө чейин издеп келип, менден кеңеш сурагандар бар. Элден көп алкыш алган сайын жакшы иштөөгө аракет кылып баштайсың. Жардам жана кеңеш сурап келген багбандарга көчөттү өстүрүүнүн сырларын айтып берем. Негизи бала кезимден бери эле табиятка жакын өстүм. Студент кезимде ар кандай түрдөгү гүлдөрдү өстүрчүмүн. Мектепти аяктап, аскерге баргандан кийин Лейлектин токой чарбасында иштедим. Токой чарбанын директору мени жолдомо менен окуу жайга жөнөттү. 1986-жылы Өзбекстандын Ташкент шаарындагы техникумдун токой чарба бөлүмүнө тапшырдым. Ал жерде окуп жүргөндө профсоюздун төрагасынын орун басары болуп эмгектенип, окуу жайды артыкчылык диплом менен бүтүрдүм. Көчөттү өстүрүү жана аны кыйыштыруу багытын ошол жерден өздөштүрдүм. Кийин 2002-жылы Сокулук районуна көчүп келдим. Үйүмдүн алдындагы жер тилкеде жаш көчөттөрдү өстүрүп, андан кыйыштырылган көчөттөрдү сатып жатам. Бул жерге жаңы келгенде багбандар менен сүйлөшүп, алардын көпчүлүгү алданып жапайы көчөт алып алганын билдим. Билимге жана тажрыйбама таянып, көчөттү өстүрүү ишин жандандырууну чечтим. Ошентип бул ишти баштадым», - деди ал.

А.Кадыров Лейлек районунун Өзгөрүш айылында төрөлгөн. Анын 4 кыз, 2 уул жана 6 небереси бар.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 467
Комментарии
Обсуждения закрыты
Нет аватара
turdaliev.kadyrbek
22:12, 15 ноября 2017
Я Абырахман Кадыров мой номер мегаком:0555036567 билайн 0779924475
званите поэтим номерам
Көп окулду
×