Бөлүмдөр
Бейшемби, 23-ноябрь
69.7    82.04    1.18    KZT 0.21
Ысык-Көл

Фото - Ысык-Көлдө өрттөнүп жаткан үйдөн инисин алып чыккан 7 жаштагы Альалим сыйланды

Turmush -  Ысык-Көл облусунда өрттөнүп жаткан үйдөн инисин алып чыккан 7 жаштагы Альалим сыйланды. Бул тууралуу өкүлчүлүктүн басма сөз кызматы билдирди.

Кечээ, 14-ноябрда Ак-Суу районунун Теплоключенка айылындагы мектеп-гимназиянын 1-классынын окуучусу Альалим Алланазаровго өкүлдүн биринчи орун басары Дамир Моңолдоров ыраазычылык кат жана белек тапшырды.

Маалым болгондой, окуя ушул жылдын 13-сентябрында болгон.

«Мындай тайманбас жана кайраттуу баатырды сыйлоо мен үчүн сыймык. Альалимдин кадамы аны менен тең балдарга гана эмес, чоңдорго да татыктуу үлгү болду. Ал жаш болгонуна карабай кыраакылыкты жана баатырдыкты көрсөттү», - деди ал.

Мындан тышкары, ага ӨКМдин Ысык-Көл облусу боюнча башкармалыгынын жетекчиси Замир Жумагазиев жана Ак-Суу районунун акими Улан Дөкөнбаев ыраазычылык кат жана белектерди тапшырды.

Буга чейин Альалим Turmush басылмасына өрттөнүп жаткан үйдөн инисин кантип алып чыккандыгын айтып берген.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 622
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×