Бөлүмдөр
Бейшемби, 23-ноябрь
69.7    82.04    1.18    KZT 0.21
Жалал-Абад

Фото - А.Атамбаев Жалал-Абаддагы Барпы театрына «Мерседес-Бенц Спринтер» белек кылды

Turmush -  Президент Алмазбек Атамбаев Жалал-Абад облустук Барпы атындагы кыргыз драма театрынын 25 жылдык мааракесине карата 18 орундуу «Mersedes-Benz Sprinter» автоунаасын тартуулады. Бул туурасында өкмөттүн облустагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз катчысы маалымдады.

Маалыматка караганда, Барпы театрынын чейрек кылымдык мааракесине тартууланган президенттин белегин театрдын директору Санжар Бердибеков Бишкектен алып келди.

Барпы атындагы облустук драма театрынын чыгармачыл эмгек жамааты чейрек кылым аралыгында 200гө жакын театралдык чыгармаларды ийгиликтүү сахналаштырып, ондогон республикалык жана эл аралык фестивалдардын жеңүүчүсү болгон. 2016-жылы Ысык-Көлдүн Чолпон-Ата шаарында өткөн Бүткүл дүйнөлүк экинчи көчмөндөр оюндарында театрдын эмгек жамааты тарабынан коюлган «Курманбек» драмасы баш байгени жеңип алган.

Быйылкы 25-театралдык жаңы сезонун театрдын чыгармачыл эмгек жамааты көрүүчүлөргө грузин драматургу Антон Цагареллинин «Ханума» комедиясынын премьерасы менен баштап беришти.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 442
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×