Бөлүмдөр
Бейшемби, 23-ноябрь
69.7    82.04    1.18    KZT 0.21
Ош

Фото - Ошто жаңы төрөлгөн ымыркай кызды көчөгө таштап кетишти

Turmush -  Ош шаарындагы Амир-Темур кичи шаарчасында көчөдөн кечээ, 14-ноябрь күнү саат 22:00 чамасында жаңы төрөлгөн ымыркай кыз табылды. Ал жерге милиционерлер жергиликтүүлөрдүн чакыруусу менен барышкан, деп билдирди Ош ШИИБдин басма сөз кызматы. Аны жаш балдардын кийимине ороп ташташкан.

Учурда төрөт үйүндөгү ымыркайдын абалы туруктуу. Анын салмагы 3 кг 270 грамм болгон. Тиешелүү органдардын өкүлдөрү баласын таштап кеткен аялдын өздүгүн тактоо жана издөө иштерин жүргүзүп жатышат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1776
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×