Бөлүмдөр
Бейшемби, 23-ноябрь
69.7    82.04    1.18    KZT 0.21
Нарын

Памирлик кыргыздар нарындык өнөрпоздор менен кара жорго бийине түшүштү (фото)

Turmush -  Нарын шаарынын мэри Эмил Алымкулов баштаган жетекчилер тобу Нарын районунун Куланак айылындагы лицейге жайгаштырылган памирлик кыргыздардын ал-абалы менен таанышты.

Turmush басылмасынын аймактык кабарчысы билдиргендей, жолугуушу учурунда Э.Алымкулов Нарын шаарынын элинин атынан памирлик кыргыздарга салам айтып, бардык жактан камкордук көрүп, жардам берип турарын убада кылды. Ошондой эле, элдин атынан ала келген азык-түлүктөрдү тапшырды. Ал эми, этникалык кыргыздар жетекчилерге ыраазычылыгын билдирип, Памирдеги катаал жашоо тууралуу айтып беришти. Андан соң, Нарын шаардык маданият бөлүмүнүн өнөрпоздору өз таланттарын көрсөтүп, памирлик кыргыздар менен бирге кара жорго бийин бийлешти.

Афганистан Ислам Республикасынан келген памирлик кыргыздар Нарын районуна караштуу Куланак айылындагы №86 кесиптик лицейге жайгашты. Аларды 24-октябрда №86 кесиптик лицейдин алдында жергиликтүү бийликтин өкүлдөрү, тургундар жана мектеп окуучулары өзгөчө шаң менен тосуп алышты.

Этникалык кыргыздарды №86 кесиптик лицейге жайгаштыруу иш-чарасына өкмөттүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Жаркын Ибраева, Нарын районунун акими Түгөлбай Жанбоев жана жергиликтүү бийлик өкүлдөрү катышты.

Буга чейин Turmush басылмасына Нарын районуна караштуу Куланак айылындагы №86 кесиптик лицейи Кыргызстанга келген этникалык кыргыздарды кабыл алууга даяр экендиги маалымдалган.

2017-жылдын 13-октябрында саат 20:30 чамасында этникалык кыргыздар Жалал-Абаддагы Кара-Көл шаарына бир күн түнөгөндөн кийин Нарын шаарына жетишкен. Аларды вице-премьер-министр Чолпон Султанбекова коштоп келип, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү жана жашоочулар кубануу менен салтанаттуу түрдө тосуп алышты.

Кыргызстанга Кичи жана Чоң Памирден 33 адамдан турган 6 үй-бүлө келди. Алардын ичинде 18 жашка чейинки 17 бала, кош бойлуу аял жана 1,5 жаштагы бир бала бар. 2017-жылдын 2-октябрында Кыргызстандын өкмөтү Кичи жана Чоң Памирге гуманитардык жардамды жеткирүү жана этникалык кыргыздардын балдарын окутуу үчүн ата-энелеринин коштоосунда өлкөгө алып келүүгө экспедиция жөнөткөн болчу.



Тема боюнча:

13.10.2016Фото - Памирлик кыргыздар көчүп-конуп жашашат, ошондуктан алардын так санын билүүгө мүмкүн эмес, - Т.Жуманов
14.10.2017Видео, фото: Памирлик кыргыздарды алып келүүдө бийлик тараптан тоскоолдуктар болду, - вице-премьер-министр
23.10.2017Нарындагы памирлик кыргыздардын балдарды тубаса жүрөк оорусу менен жабыркайт, - дарыгер (фото)
25.10.2017Кыргызстанга памирлик кыргыздардын экинчи тобу келет (видео, фото)
31.10.2017Нарында памирлик кыргыздарга сый көрсөтүлдү (фото)
02.11.2017Фарс тилинде окуган памирлик кыргыздарга алиппе сабагы башталды (фото)
10.11.2017Теректиктер памирлик кыргыздарды өрүлүктөп, бала көрүп барышты (фото)
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1359
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×