Бөлүмдөр
Бейшемби, 23-ноябрь
69.7    82.04    1.18    KZT 0.21
Ысык-Көл

Ысык-Көлдө мыкты жеңе аныкталды: Жеңүүчүлөр курортко, романтикалуу кечеге жолдомо алышты (фото)

Turmush -  Ысык-Көл облусунда жеңелер арасында «Ак жүзүңө береке, ак элечек жеңеке» аттуу сынак өткөрүлдү, деп билдирди Turmush басылмасынын кабарчысы.

Каракол шаардык маданият бөлүмүнүн жетекчиси Алик Асановдун айтымында, сынакка облустун аймактарынан келген 12 жеңе катышты.

Сынактын максаты аялзатынын улуулугун даңазалоо, жеңелердин талантын, сулуулугун, маданиятын, шайырлыгын көрсөтүү жана аларды ар тараптан колдоо менен коомдогу ролун жогорулатуу болуп саналат.

«Жеңелер баланы тарбиялоодо эң чон институт болуп саналат. Аялзатынын үй-бүлөдөгү орду чоң. Өлкөдө кыздар арасында дайыма сулуулар сынагы жана ак элечек энелер арасында сынактар өткөрүлөт дагы жеңекелер көмүскөдө калат. Ошондуктан жеңелердин кадырын көтөрүү жана аларды колдоо максатында бул сынакты уюштурдук», - деди ал.

Сынактын жыйынтыгында баш байгени К.Тыныстанов атындагы ЫМУнун мугалими Айнура Кубандыкова жеңип, 10 миң сом менен сыйланды. Ошондой эле, ага Ысык-Көлдөгү пансионаттардын бирине эс алууга жолдомо берилди. Ал эми биринчи орунду Ак-Суу районунун Зындан айылынын тургуну Айгерим Касаболотова багынтып, 5 миң сом жана Ак-Суу курортуна эс алууга жолдомо алды.

2-орунга Ысык-Көл облустук бириккен ооруканасынын медициналык кызматкери Бактыгүл Алиева жана мугалим болуп иштеген Алтынай Ишенбай кызы ээ болушту. Аларга 3 миң сомдук сыйлык жана кафелердин бирине романтикалуу тамактанууга жолдомо берилди.

Буга чейин Жети-Өгүз районунун Тилекмат айылында жигиттер арасында «Жигитке жетимиш өнөр аздык кылат» сынагы өтүп, анда баш байгени Ак-Суу районунун мырзалары багынтышкан.

Маалым болгондой, сынакты Ысык-Көл облусунун жаштар иштери, дене тарбия жана спорт башкармалыгы уюштуруп, ага облустун ар бир районунун командалары катышкан. Сынактын жыйынтыгында 1-орунга Ак-Суу районунун командасы, 2-орунга Тоң районунун командасы, 3-орунга Түп районунун командасы ээ болду. Жеңүүчүлөргө атайын дипломдор жана белектер тапшырылып, «Өнөрлүү жигит», «Таланттуу жигит», «Чечен жигит» наамдары өз ээлерин тапты.

Сынакта жигиттер кой союу, боз үй тигүү, ат токуу боюнча жөндөмдөрүн көрсөтүп, күч сынашып, Ысык-Көлдүн жети акеси, тарыхый инсандар, каада-салттар жана маданият жөнүндө билгендерин айтып беришкен.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 416
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×