Бөлүмдөр
Бейшемби, 23-ноябрь
69.7    82.04    1.18    KZT 0.21
Талас

Бакай-Атада өспүрүмдөрдүн ээнбаштыгын токтотуу маселеси талкууланды

Turmush -  Бакай-Ата районунда зордук-зомбулук, экстремизм, терроризмге каршы күрөшүү боюнча талкуу уюштурулду. Бул тууралуу райондук администрациядан билдиришти.

Иш-чарага мугалимдер, аксакалдар, ата-энелер, молдолор, милиционерлер катышып, мектеп окуучулары арасындагы зордук-зомбулук, ата-энелердин мамилелери тууралуу кеп козголду. Жаштар арасындагы ынтымакты спорт менен бекемдөө сунушу айтылды. Милиция кызматкерлери окуучулардын телефондорду колдонуусун ата-энелер көзөмөлдөбөй жаткандыгын белгилешти. Өспүрүм балдарга кечки намазга атасы же улуу адамдар менен баруусу керектиги айтылып, кышкы убактарда кечки саат 21:00дон кийин, ал эми жайкы убакта кечки 22:00дон кийин футбол ойнобошу керектиги жөнүндөгү демилге колдоого алынды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 219
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×