Бөлүмдөр
Бейшемби, 23-ноябрь
69.7    82.04    1.18    KZT 0.21
Жалал-Абад

Ок атуучу курал сактаган сузактыктар кармалды

Turmush -  Сузак районунун Сузак айыл аймагындагы 2 турак үйдөн мыйзамсыз сакталган куралдар жана ок-дарылар табылды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, 11-ноябрь күнү милиция кызматкерлери 36 жаштагы Х.М. жашаган үйдү текшерүү учурунда тиешелүү документтери жок «Макаров» үлгүсүндөгү курал, 9 мм калибриндеги 20 даана ок, 7,62 мм калибриндеги жана 5,6 мм калибриндеги 50 даана ок табылган.

Ошондой эле, 52 жаштагы Ж.С. жашаган үйдү тинтүү учурунда жер төлөдөн «Карабин» үлгүсүндөгү 7,62 мм калибриндеги ок атуучу курал табылды. Алынган куралдар жана октор экспертизага жөнөтүлдү.

КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 241-242-беренелеринде белгиленгендей, ок атуучу куралдарды, ок-дарыларды, жарылуучу заттарды жана жардыргыч түзүлүштөрдү мыйсамсыз алуу, берүү, өткөрүү, сактоо, ташуу же алып жүрүү жана куралдарды мыйзамсыз даярдоо же оңдоо кылмыш иши катары эсептелет. Буларды жасаган адамдар жоопкерчиликке тартылат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 345
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
18:21,   23.11.2017   ( 28 адам окуп жатат)
×