Бөлүмдөр
Шейшемби, 21-ноябрь
69.73    82.29    1.18    KZT 0.21
Баракелде

Мамлекеттик сыйлыктар: А.Атамбаев сыйлай турган фермер, дыйкан жана айылдык ишкерлердин тизмеси

Turmush -  Өлкөнүн аймактарын социалдык-экономикалык өнүктүрүүгө жана Кыргыз Республикасынын экономикасын чыңдоого салым кошкон жарандар мамлекеттик сыйлыктар менен сыйланат. Президент Алмазбек Атамбаев «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктары менен сыйлоо жөнүндө» жарлыкка бүгүн, 14-ноябрда кол койгонун басма сөз кызматы билдирди.

Сыйлык ээлери

III даражадагы «Манас» ордени:

- Атамбаев Жусупакмат Сатышович — Ош облусунун «Маткерим» фермердик чарбасынын жетекчиси;

- Жумаков Жумагул — Нарын облусунун Ат-Башы районундагы «Жумак» асыл тукум үрөнчүлүк чарбасынын жетекчиси сыйланат.

«Даңк» ордени:

- Биденко Зинаида Степановна — Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин алдындагы «Кыргыз комплекстүү гидрогеологиялык экспедициясы» мамлекеттик ишканасынын инженердик геологиялык партиясынын экзогендик геологиялык процесстерин изилдөө боюнча отрядынын жетекчиси;

- Байбабаев Хурсанбек Жораевич — Ош облусунун Араван районундагы «Байбува» дыйкан чарбасынын жетекчиси;

- Васильев Лев Алексеевич — Бишкек шаардык кеңешинин депутаты;

- Ибраимов Албек Сабирбекович — Бишкек шаарынын мэри;

- Кадырбаев Айтмамат Тентибаевич — Ош шаарынын мэри;

- Таштаналиев Кокумбек Жумагулович — Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигинин алдындагы чарба жана мелиорация департаментинин директору;

- «ЭМАРК Строй» жоопкерчилиги чектелген коому — Бишкек шаары.

«Достук» ордени:

- Абдурахманов Ахматжон Турсунович — Баткен облусунун Кадамжай районундагы Үч-Коргон айыл өкмөтүнүн башчысы.

«Даңк» медалы:

- Калиев Айбек Рыспекович — «Улуттук энергетикалык холдинг компаниясы» ачык акционердик коомунун башкармасынын төрагасы;

- Пихота Николай Андреевич — Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин алдындагы «Түштүк-Кыргыз Эмгек Кызыл Туу ордендүү геологиялык экспедициясы» мамлекеттик ишканасынын башкы геологу.

«Кыргыз Республикасынын айыл чарбасына эмгек сиңирген кызматкер» ардактуу наамын алгандар:

- Абышбаев Качкынбек Мааметович — Нарын облусунун Ак-Талаа районундагы «К-Рус-Нур-Г» айыл-чарбакооперативинин жетекчиси;

- Акульшина Надежда Михайловна — Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарындагы «Кооппромсервис» жоопкерчилиги чектелген коомунун аткаруучу директору;

-Галиев Асхат Абдулаевич — Каракол шаарындагы балчылардын ыктыярдуу коомунун төрагасы;

- Жапаров Эгемберди Маматович — Ош облусунун Ноокат районундагы «Алтын- Асыл» жоопкерчилиги чектелген коомунун директору;

- Жээнтаев Токторалы Рысбаевич — Жалал-Абад облусунун Аксы районундагы «Чил и Ко» жоопкерчилигичектелген коомунун директору;

- Исмаилов Конокбай — фермер, Нарын облусунун Кочкор району;

- Камытов Талантбек Жуманазарович — Жалал-Абад облусунун Ноокен районундагы Ноокен айыл чарба өндүрүш кооперативинин жетекчиси;

- Касеев Ишенбек Бакашевич — фермер, Ысык-Көл облусунун Ак-Суу району;

- Курманбек уулу Мээрбек — Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районундагы «Ала Балык» дыйкан чарбасынын жетекчиси;

Күчүков Кудайберген Мусакунович — Нарын облусунун Нарын районундагы «Нурбек» дыйкан чарбасынын жетекчиси;

- Малеваный Алексей Алексеевичке — Талас облусунун Манас районундагы «Прогресс»дыйкан чарбасынын жетекчиси;

- Мурзаев Насирдин — Баткен облусунун Кадамжай районундагы «Болотбек» фермердик чарбасынын жетекчиси;

- Назаров Айтмамат Кошоевич — Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты;

- Оморов Миргазы Кубанычбекович — «Бизнес Ассоциация Талас ЖИА» юридикалык жактардын бирикмесинин башкармасынын төрагасы, «Азра»компаниялардын тобунун негиздөөчүсү;

- Пазылов Бактыбек Рысбаевич — Баткен облусунун Баткен районундагы «Береке» дыйкан чарбасынын жетекчиси;

- Рагимов Саманд Мамед Оглы — Чүй облусунун Москва районундагы «Чекир- Суу» айыл чарба өндүрүш кооперативинин башкармасынын төрагасы;

- Салимбеков Абдуллатип Доорович — Баткен облусунун Лейлек районундагы «Дөөлөт» дыйкан чарбасынын жетекчиси;

-Сапабекова Дариякан Жумабаевна — Чүй облусунун Сокулук районундагы мөмө-жемиш дыйкан чарбасынын жетекчиси;

- Шамурзаев Абдигапар Абдиадыевич — К.Скрябин атындагы Кыргыз улуттук агрардык университетинин окуу чарбасынын башчысы.

«Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген куруучусу» ардактуу наамын алгандар:

- Абешов Малик Турсунович — «Базис-M» жоопкерчилиги чектелген коомунун аткаруучу директору;

- Бокошов Кыдырбек Оморович — «Газспецмонтаж» жоопкерчилиги чектелген коомунун башкы директору;

- Жийдебаев Марат Алиевич — «Турак жай өнөктөштүгү» кайрымдуулук фондунун директору.

«Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруусуна эмгек сиңирген кызматкер» ардактуу наамын алгандар:

- Алманбетов Өмүрбек Бадыевич — «Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкарууларынын союзу» юридикалык жактардын бирикмесинин аткаруучу директору.

«Кыргыз Республикасынын жаратылышты коргоосуна эмгек сиңирген кызматкер» наамын алгандар:

- Акпаралиев Арым Абдылдаевич — Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинин Ош аймактык башкармалыгынын Ош токой чарбасынын директору;

- Шүкүров Эмил Жапарович — эколог, профессор, Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын мүчө-корреспонденти;

- Ыбыкеев Бакыт Сапаргалыевич — Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинин Ысык-Көл аймактык башкармалыгынын Ак-Суу токойчулугунун токойчусуна;

«Кыргыз Республикасынын өнөр жайына эмгек сиңирген кызматкер» ардактуу наамын алгандар:

- Абыкеева Нургүл Турсунбековна — Н.Урманбетов атындагы «АРПА» ачык акционердик коомунун башкы технологу;

- Аманкулов Марат Аскерович — Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты;

- Годзелих Светлана Михайловна — «Кайыңды-Кант» ачык акционердик коомунун негизги өндүрүш сменасынын жетекчиси;

- Керчестиев Дөөлөтбек Думанаевич — Жалал-Абад облусунун Тогуз-Торо районундагы «Макмал» кенинин бургулоочусу;

- Майлиева Шайлоогүл Дүйшөновна — Бишкек шаарынын «Прод Импекс» жоопкерчилиги чектелген коомунун директору. 

Кыргыз Республикасынын Ардак грамотасы менен сыйлангандар:

- Абдырахманов Сатылган Сариевич — Талас облусунун Кара-Буура районундагы «Абдырахман» дыйкан чарбасынын жетекчиси;

- Акунбеков Эрлист Абакирович - «Кыргызская ассоциация поставщиков удобрений» юридикалык жактардын бирикмесинин төрагасы;

- Алипбеков Абдималик Абдраимович — Ош облусунун Чоң-Алай районундагы «Бакыт» дыйкан чарбасынын жетекчиси;

- Апаяров Фарид Хурматович - Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин алдындагы «Түндүк-Кыргыз геологиялык экспедициясы» мамлекеттик ишканасынын башкы геологу;

- Атамбаев Талантбек Макенович — Ысык-Көл облусунун Тоң районундагы Тоң айылдык кеңешинин төрагасы;

- Бейшекеев Бакей — Талас облусунун Бакай-Ата районундагы «Бообек» дыйкан чарбасынын жетекчиси;

- Бейшенбаев Муратбек Ишенбекович — «Арх Модель» жоопкерчилиги чектелген коомунун директору;

- Бейшенкулов Кушбек — Нарын облусунун Кочкор районундагы «Кочкор элитасы» кооперативинин жетекчиси;

- Жекшенов Алтынбек Жумадилович — Чүй облусунун Жайыл районундагы «Алтынбек» дыйкан чарбасынын жетекчиси;

- Женалиев Базарбай Каримович — Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районундагы «ННН-3» үрөнчүлүк кооперативинин жетекчиси;

- Дүйшөнбиев Азис Жумаканович — Чүй облусунун Чүй районундагы жеке дыйкан чарбасынын жетекчиси;

- Еркеев Ильяз Марсович —Жалал-Абад облусундагы Кара-Көл шаарынын мэри;

- Жоошбеков Зарипбек Сүйүнович —Ош облусунун Кара-Суу районундагы Таширов атындагы өндүрүштүк үрөнчүлүк чарбасынын жетекчиси;

- Жусупакунов Табылды — Нарын облусунун Жумгал районундагы «Табылды» асыл тукум чарбасынын жетекчиси;

- Закиров Кахраманжан Умирзакович — Ош облусунун Кара-Суу районундагы «Равнак» дыйкан чарбасынын жетекчиси;

- Иманалиев Меризбек Ишенович — Бишкек шаарынын «Проджек» жоопкерчилиги чектелген коомунун башкы директору;

- Иманбердиева Төрөбүбү Амановна — Нарын облусунун Ат-Башы районундагы Ат-Башы айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысы;

- Исмаилов Кубаныч Келдибекович — Ош облусунун Өзгөн районундагы «Тилектеш» дыйкан чарбасынын жетекчиси;

- Исмаилов Махмудулло Ырысбекович — Жалал-Абад облусунун Аксы районундагы «Ырысбек-ЖМРМ» үрөнчүлүк айыл чарба кооперативинин жетекчиси;

- Исмаилов Чынгызбек Шамшиевич — Ош шаарынын «Гидробетон Строй» жоопкерчилиги чектелген коомунун директору;

- Кадиров Сапарбек Абдикаримович — Жалал-Абад облусунун Сузак районундагы «Бирдик» үрөнчүлүк айыл чарба кооперативинин жетекчиси;

- Капаров Талантбек Ташиевич — «Ош-Тазалык» адистештирилген муниципалдык ишканасынын жетекчиси;

- Ковырев Вячеслав Сергеевич — Бишкек шаарынын «Семейные традиции» жоопкерчилиги чектелген коомунун директору;

- Кудайбердиев Шераали Надирбекович — Жалал-Абад облусунун Сузак районундагы Көк-Арт айыл өкмөтүнүн башчысы;

- Кузьмина Татьяна Николаевна — «Түндүк электр» ачык акционердик коомунун жетектөөчү инженери;

- Курткаев Таалайбек Исмаилович — Нарын облусунун Кочкор районундагы Кара-Суу айылдык кеңешинин депутаты;

- Кучуков Кудайкул Узакович — Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жолдор министрлигинин алдындагы Жол чарба департаментинин № 4 региондук бөлүмүнүн жетекчиси;

- Машрапов Максатбек — Ош облусунун Алай районундагы «Максат» дыйкан чарбасынын жетекчиси;

- Нудько Евгений Анатольевич — Чүй облусунун Панфилов районундагы «Нудько» айыл чарбасынын жетекчиси;

- Нурмаматов Арап — Баткен облусунун Кадамжай районундагы «Арпа-Сай» дыйкан чарбасынын жетекчиси;

- Ормонов Жапарбек Туратович — Ош шаардык кеңешинин төрагасы;

- Пайзбеков Памирбек Парпыбекович — фермер, Жалал-Абад облусунун Ала-Бука району;

- Постнов Николай Васильевич — Чүй облусунун Жайыл райондук суу чарба башкармалыгынын Кара-Балта гидроучастогунун жетекчиси;

- Рахманов Өмүрбек Абакирович — Ысык-Көл облусунун Балыкчы шаардык кеңешинин жооптуу катчысы;

- Сайназаров Магамед Мамажакыпович — Баткен облусунун Кызыл-Кыя шаарындагы «Мажакып» дыйкан чарбасынын жетекчиси;

- Сайрамбаев Досжан Шамшыкович — «БЖ Компани» жоопкерчилиги чектелген коомунун башкы директору;

- Сартбаев Шайманбек Жалиевич — «Азат» үй куруу комбинаты» ачык акционердик коомунун «СМУ-3» жоопкерчилиги чектелген коомунун директорунун орун басары;

- Сыдыков Эмилбек Султанович — Ош облусунун Кара-Кулжа районундагы «Капчыгай Тоо Балы» товардык-сервистик кооперативинин жетекчиси;

- Таштанбаев Замирбай Салимбаевич-Жалал-Абад облусунун Чаткал районундагы «Асаба» дыйкан-фермердик чарбасын жетекчиси;

- Токтогазиев Тилек Мурсалиевич — «Жашыл чарба плюс» жоопкерчилиги чектелген коомунун директору;

- Төтөева Бүбүанар Бекташовна — Жалал-Абад облусунун Тогуз-Торо районундагы «Аздек» айыл чарба кооперативинин жетекчиси;

- Туржанов Жапарбек Субаналиевич —«Кыргызстандын улуттук электр тармагы» ачык акционердик коомунун филиалы — Талас жогорку вольттуу электр тармактары ишканасынын директору;

- Турукменов Жийдебек Смайылович — Жалал-Абад облусунун Токтогул районундагы «Түркмен-Туз» жоопкерчилиги чектелген коомунун директору;

- Убайдылдаев Курманбек Уркасымович — Ысык-Көл облусунун Түп районундагы «Байтур» асыл тукум чарбасынын жетекчиси;

- Урмамбетов Абдыкерим — Ысык-Көл облусунун Тоң районундагы «Кубат» дыйкан чарбасынын жетекчиси;

- Халов Муйдин Номанович — Баткен облусунун Исфана шаарынын мэриясынын аппаратынын жетекчиси;

- Хашимов Анвар Саттарович — «Нурлан» жоопкерчилиги чектелген коомунун директору;

- Чекиров Асылбек Асаналиевич — жергиликтүү өз алдынча башкаруу маселелери боюнча эксперт;

- Чикеев Назарбек Дүйшеевич — Ысык-Көл облусунун Каракол шаарындагы «Ак-Булак плюс» жоопкерчилиги чектелген коомунун аткаруучу директору;

- Ысагалиев Нурлан Асеинович — Чүй облусунун Чүй районундагы «Нурлан» дыйкан чарбасынын жетекчиси;

- Эркимбаев Сыргакбек Абдыжапарович — Ысык-Көл облусунун Жети- Өгүз районундагы «Бетей» асыл тукум кооперативинин жетекчиси;

- «Адал Азык» жоопкерчилиги чектелген коому — Чүй облусунун Ысык-Ата району;

- «Кирби» дыйкан чарбасы — Бишкек шаары;

- «Экопродукт Азия» жоопкерчилиги чектелген коому — Бишкек шаары;

- «Эфтар Агро Комплекс» жоопкерчилиги чектелген коому — Жалал-Абад облусунун Кара-Көл шаары.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 682
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×