Бөлүмдөр
Шейшемби, 21-ноябрь
69.73    82.29    1.18    KZT 0.21
Жалал-Абад

Эл ичи — өнөр кенчи: Токтогулдук Сайкал жайлоолорго атайын барып, сүрөт тартат (фото)

Turmush -  Токтогул районунун Чолпон-Ата айылынын 22 жаштагы тургуну Эркин кызы Сайкал сүрөттөрдү тартып, 2 миң сомго чейин сатат. Аймактык кабарчы аны менен таанышты.

Өзүнүн айтымында, кичине кезинен бери сүрөт тартууга кызыгат. Учурда Көркөм сүрөт академиясынын студенти.

«Кичинекей кезимден ыр-бий, сүрөт тартууга жакын болуп чоңойдум. Мектепке бара элек кезимде эле сүрөт тартып жүрдүм. 10-классымда Токтогул району боюнча «Улуттар аралык биримдик» деген темада сынак болуп, ошол жерден баш байгени жеңип алгам. Сүрөт тартуу үчүн атайлап жайлоого, тоого чыгып, жаратылышка барып келчүмүн. Тарткан сүрөттөрүмдү жакындарыма эстеликке берсем, айрым баалуу сүрөттөрдү 2 миң сомдон сатам. Бир күндө бир сүрөт тартып бүтүрө алам деп айта албайм. Илхом келгенде баштап коюп, башка жумуштарым менен алек болуп кетип, 1 жума, 10 күн дегенде бүтүрөм. Кээде сүрөт тарткым келбей калган учурлар болот. Иштеп жатканда сөзсүз тынчтык сакталышы керек. Келечекте мыкты сүрөтчү болуп, эмгектеримди чет жерлерге алып чыксам деген максатым бар. Сүрөтчүлүктөн тышкары бош учурумда сайма саям», - деди ал.

Сүрөтчү кыз үй-бүлөдө 3 бир туугандын ортончусу.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 293
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×