Бөлүмдөр
Шейшемби, 21-ноябрь
69.73    82.29    1.18    KZT 0.21
Жалал-Абад

Ноокенде Кубат бийдин эрдиктери даңазаланып, жаштар веложүрүш уюштурушту (фото)

Turmush -  Ноокен райондук мамлекеттик администрациясында кол башчы жана саясий ишмер Кубат бийдин 320 жылдыгына карата илимий практикалык конференция болуп өттү, деп билдирди аймактык кабарчы.

Иш-чарага өкмөттүн Жалал-Абад облусундагы өкүлүнүн орун басары Ы.Ызабеков жана коомдук ишмерлер, окумуштуулар, жергиликтүү бийликтин өкүлдөрү, Кочкор-Ата шаардык мэриясынын жана райондук мекеме-уюмдардын жетекчилери катышты.

Анда 18-кылымда Фергана өрөөнүндө жашаган кыргыз урууларынын төбөлү Кубат бийдин эрдиктери тууралуу айтылып, анын тарыхтагы орду даңазаланды.

Мындан тышкары, 10-ноябрь — Бүткүл дүйнөлүк жаштар күнүнө жана 17-ноябрь — Студенттердин күнүнө карата жаштар жумалыгы жарыяланды. Анын алкагында жер-жерлерде бир нече иш-чаралар өткөрүлүүдө. Арал жана Сакалды айыл өкмөттөрүндө жаштардын демилгеси менен «Жаштар тынчтык, спорт үчүн» аттуу ураан менен веложүрүш уюштурулду.

Ага 14 жаштан 28 жашка чейинки жаштар катышып, жыйынтыгында аларга белектер тапшырылды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 173
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×