Бөлүмдөр
Шейшемби, 21-ноябрь
69.73    82.29    1.18    KZT 0.21
Жалал-Абад

Үйлөнүү тойдо мушташкан достор: Жалал-Абадда 13 адам коомдук жумушка тартылып, үйлөрүнө чыкты

Turmush -  Жалал-Абад шаарында мушташ чыгарып, милиция кызматкерлерине баш ийбеген күйөө жолдоштордун 13ү коомдук жумуштарга тартылып, 13-ноябрда үйлөрүнө чыгарылды. Бул тууралуу ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалым болгондой, Жалал-Абад шаарында Т.Сатылганов атындагы сейил бактын алдында тойго чыккан күйөө жолдоштор мушташып, милиция кызматкерлерине баш ийбегендиктен асманга эскертүү иретинде ок атылган. Мындагы баш аламандыкты уюштурган 5 бала шаардык соттун чечими менен 2 айга камалса, 13 адамды 5 суткага камоо жана коомдук жумуштарга тартуу чечими чыккан. Жоро-жолдоштордун 13ү кечээ үйлөрүнө чыгып кетишти. Тойго бара жаткандар Ноокен районунун тургундары болгон.

Бул факты боюнча Жалал-Абад ШИИБдин тергөө кызматы тарабынан КРнын Кылмыш-жаза кодексинин бейбаштык, бийлик өкүлүнө кол көтөрүү беренелери боюнча кылмыш иши козголгон. Учурда тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.

ОИИБдин басма сөз кызматынын ага тескөөчүсү М.Турдубековдун айтымында, жоро-жолдоштор мас абалда өздөрүнүн автоунааларында жол коопсуздугун бузуп, оозго алгыс сөздөр менен сөгүнүп, жолдон өтүп жаткандарга ыңгайсыз абал жаратышкан. Ал жерге ОИИБдин Патрулдук милиция бөлүмүнүн кызматкерлери барышкан.

«Коомдук тартипти сактоону эскерткен учурда алар каршылык көрсөтүшүп, патрулчуларга жардамга келген кызматтык автоунаанын оң тараптагы артты көрсөткүч күзгүсүн жана алдыңкы капотун талкалап салышкан. Милиция кызматкерлери эскертүү иретинде асманга эки жолу ок атып, андан кийин тополоң жасап жаткан адамдар кылмыштуу аракеттерин токтотушкан», - дейт М.Турдубеков.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 251
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×