Бөлүмдөр
Шейшемби, 21-ноябрь
69.73    82.29    1.18    KZT 0.21
Жалал-Абад

Жалал-Абадда жаштар тазалык акциясына чыгышты (фото)

Turmush -  Жалал-Абад шаарында жаштардын «Таза шаар, таза коом» аталыштагы тазалык акциясы башталып, алгачкы эле күнү шаардагы 18 көчө, коомдук эс алуу жайлары тазаланды. Бул тууралуу шаардык жаштар комитетинин төрагасы Б.Ташбаев билдирди.

Анын айтымында, акцияга шаардагы окуу жайлардын студенттери, жаштар уюмдарынын өкүлдөрү, шаардыктар да катышты.

«Бул өтүп жаткан акция шаар мэриясы тарабынан жарыяланган жаштар жумалыгынын алкагында уюштурулду. Эми бул акция апта бою улантылып, жалпы жаштарга карата шаарды сүйүүгө, анын өсүп-өнүгүшүнө салым кошууга чакырыктар ташталмакчы. Жаштар жумалыгынын алкагында күн сайын бирден иш-чара уюштурулат. Анда маданий-спорттук иш-чаралар да каралган. Жумалыктын биринчи күнүндө шаар тазалыгын колго алдык, жаштардын активдүүлүгү жогору. Бир эле күндө 18 көчө тазаланды, шаардагы ар бир окуу жайдан 50дөн студенттер келип катышты. Алдыдагы күндөрдө эс алуучу парктарды, коомдук жайларды тазалоо иштери жүргүзүлөт. Жаштар жалгыз эмес экен, аларды колдоп шаардагы айрым мекеме-ишканалардын жамааттары жана шаар тургундары да бул акцияга катышып жатканы бизди кубандырат», - дейт ал.

Тазалык акциясынын катышуучусу, Жалал-Абад мамлекеттик университетинин 3-курсунун студенти Нарсулуу Кылычбек кызынын айтымында, мындай тазалык иш-чараларына мурда да катышып келген.

«Жалал-Абад – жаштар шаары деп айтылып келет. Демек, анын жакшы жактары бизге да таандык. Ошондуктан, биз жок дегенде шаарыбыздын тазалыгына өз салымыбызды кошууну туура көрдүк. Бул тазаланган жайларда өзүбүз эс алабыз, шаар тургундары эс алышат. Мындай иш-чаралар дайыма болуп турганы жакшы», - дейт ал.

Эскерте кетсек, мэриянын токтому менен 10-17-ноябрь күндөрү шаарда жаштар жумалыгы жарыяланган. Бул аптанын алкагында жаштарды кызыктыруучу түрдүү иш-чаралар уюштурулуп, 17-ноябрдагы студенттер күнүндө шаар борборунда майрамдык шоу иш-чаралары менен аяктайт.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 197
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×