Бөлүмдөр
Бейшемби, 23-ноябрь
69.7    82.04    1.18    KZT 0.21
Жалал-Абад

Жалал-Абадда 10 айдагы жол кырсыктан 113 адам каза болду

Turmush -  Жалал-Абад дубанында ушул жылдын 10 айында 527 жол кырсыгы катталып, 113 адам каза тапкан.

Патрулдук милициянын уюштуруу жана үгүт боюнча тескөөчүсү Н.Саркаровдун айтымында, кырсыктан каза болгондордун 11ин жашы жете элек өспүрүмдөр түзөт.

«Былтыркы жылы он ай аралыгында 567 жол кырсык катталган, быйыл анын саны 527 учурду түздү. Кырсыктар, адам өмүрүн алган учур дагы өткөн жылга салыштырмалуу азайган. 2016-жылы ушул мезгил аралыгында 129 атуул көз жумса, быйыл 113 адам дүйнө салган. Жаракат алып, ооруканага кайрылгандар 2016-жылы 982 болсо, быйыл 917 жаранды түздү», - дейт ал.

Ал белгилегендей, оң рулдуу унаалардын катышуусундагы кырсык көбөйгөн.

«Оң рулдуу унаалардын катышуусундагы кырсыктар, жаракат алган учурлар кыскарган, бирок каза болгондордун саны төрткө өскөн», - дейт Н.Саркаров.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 208
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
18:21,   23.11.2017   ( 28 адам окуп жатат)
×