Бөлүмдөр
Шейшемби, 21-ноябрь
69.73    82.29    1.18    KZT 0.21
Жалал-Абад

Куткаруучулар Бишкек–Ош унаа жолунда жарылбай калган 93 даана снарядды таба алышкан жок

Turmush -  Бишкек–Ош унаа жолунун 222-223-246-чакырымдарында жарылбай калган 93 даана снарядды зыянсыздандыруу аракеттеринен жыйынтык чыккан жок. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.

Маалыматка караганда, ӨКМ снарядды таап, зыянсыздандыруу боюнча 9-ноябрда буйрук чыгарган. Аларды издөө иштерине ӨКМдин Токтогул районундагы 7 кызматкери, Гидрометеорология агенттигинен 2 кызматкер, Куралдуу күчтөрдүн Башкы штабынан 5 аскер кызматкер жана Улуттук Гвардиянын 702-аскердик бөлүгүнөн 4 аскер тартылган. Алар кечээ, 13-ноябрда Бишкек–Ош унаа жолунун 246-чакырымында жарылбай калган снаряддарды издөө иштерин жүргүзүп, бирок табылбаганына байланыштуу издөө иштери токтотулду.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1926
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×