Бөлүмдөр
Шейшемби, 21-ноябрь
69.73    82.29    1.18    KZT 0.21
Жалал-Абад

Жалал-Абадда мас абалдагы 4 жигит унаа кырсыкка кабылды

Turmush -  12-ноябрда Жалал-Абадда болгон унаа кырсыктан 4 жигит жабыр тартты. Бул тууралуу укук коргоо органдарынан билдиришти.

Маалыматка караганда, «БМВ» үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу башкарууну жоготуп, унаа жолдон чыгып барып, даракка урунган.

Жабыр тарткандар:

- Т.Б., 1992-жылы туулган, Сузак районунун тургуну;

- А.Б., 1992-жылы туулган, Сузак районунун тургуну;

- Ж.Б., 1992-жылы туулган, Сузак районунун тургуну;

- А.Б., 1993-жылы туулган, Сузак районунун тургуну.

Төртөө тең мас абалда болушкан. Алар Жалал-Абад облустук ооруканасына жеткирилген. Учурда кырсык боюнча иликтөө иштери жүрүп жатат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 335
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×