Бөлүмдөр
Бейшемби, 23-ноябрь
69.7    82.04    1.18    KZT 0.21
Чүй

Канттагы эң сулуу алып баруучу: Кыргыз менен орустун кызы Диана 3 тилде эркин сүйлөйт (фото)

Turmush -  Ысык-Ата районунун 16 жаштагы тургуну Диана Мамбетова Кант шаарынын эң сулуу алып баруучусу катары таанымал. Үч тилде эркин сүйлѳгѳн Диана коомдук иштерге да активдүү катышып, мектепте президенттик кызматты аркалап келет. Мындан тышкары, ал спорт менен машыгып турат. Көп кырдуу талант менен аймактык кабарчы азын-оолак маек курду.

- Диана, алып баруучулук кызматты эмнеден улам аркалап калдыңыз?

- Мен анда 7-класстын окуучусу болчумун. Бир күнү мугалимим «сенин дикцияң аябай жакшы, алып баруучу болсоң болот» деп калды. Ойлонуп көрүп, мектепте ѳткѳн иш-чараны алып бардым. Абдан жакты. Ошондон бери кѳптѳгѳн иш-чара, майрамдарды алып барам. Бир гана мектептеги эмес, шаардык деңгээлде ѳткѳн иш-чараларды да алып барууга жетиштим.

- Алып баруучулук ѳнѳрдѳн сырткары дагы кандай шык-таланттарыңыз бар?

- Ырдаганды, бийлегенди, даамдуу тамак-аштарды жасаганды, конок тосконду жактырам. Ал эми, хоббим — спорт. Тактап айтканда волейбол, баскетбол оюндарын аябай жакшы көрөм. Адабий китептерди, айрыкча Ч.Айтматовдун жана Ф.М.Достоевскийдин чыгармаларын кѳп окуйм. Азыр болсо автоунаа айдаганды үйрѳнүп жатам. 17 жашка чыкканда буюрса айдоочунун күбѳлүгүн алам.

- Мектепте кандай окуйсуз?

- Кант шаарындагы №3 мектеп-гимназиясында 11-класста окуйм жана ушул мектептин президенти болом. Бардык сабактардан жакшы окуйм. Кыргыз, орус жана англис тилин жакшы билем, сүйлѳйм, түшүнѳм. Дагы кѳп тилдерди үйрѳнүүгѳ ашыгам.

- Сиз сулуу жана кѳп кырдуу таланттын ээси экенсиз. Ашык болгон жигиттер кѳп болсо керек?

- Ооба, ашык болуп калдым дегендер кѳп. Бирок мен үчүн азыр ал маанилүү эмес. Жаштыгымды, күч-кубатымды текке кетирбей, пайдалуу иштерге арнагым келет. Антип мага жакшы сѳз айткандар кѳп. Бир жолу биздин шаарыбызда «Altyn Fest» деген майрам болгон. Анда мен алып баруучу болдум. Сахнанын жанында турсам түрк жигит мага келип, «сизди сыналгыдан кѳрдүм окшойт, сиз 25 жаштасыз, аябай сулуу экенсиз» деди. Мен ошондо аябай күлдүм, анткени мен 16 жаштамын жана чоң сахнага чыга элекмин.

- Ата-эне, бир туугандарыңыз жѳнүндѳ кыскача кеп кыла кетсеңиз.

- Менин үй-бүлѳмдѳ 4 киши бар. Атам Кенжебек Мамбетов айдоочу болуп иштейт. Атамдын улуту кыргыз болсо, апам орус улутунан. Атам өтө жакшы киши жана ар дайым чындыкты айтат. Мен кичинекей кезимден баштап атамдын аркасынан жүрѳм. Атамды аябай жакшы кѳрѳм. Атам менен кечинде отуруп, нарда ойнойбуз.

Апам Вероника Мамбетова бухгалтер болуп иштейт. Апам жеке ишкер десем да болот. Ал мага кичинекей кезимден баштап тамак жасаганды үйрѳттү. Аны да абдан жакшы кѳрѳм. Уулу байкем Кайрат Мамбетов жеке компанияда менеджер болуп иштейт. Ал Кыргыз экономикалык университетинде окуган. Биздин үй-бүлѳдѳ дагы бир кадырлуу адамыбыз бар. Ал эми, чоң апам Керил Мамбетова 1928-жылы туулган. Ал согуш учурунда тылда иштеген. 10 баланы тѳрѳп, баатыр эне болгон. Чоң апам Карагай-Булак айылында жашайт. Мен ага жума сайын барып, жардам берем. Биздин кѳп туугандарыбыз бар. Алар Кыргызстанда, Казакстанда, Россияда жана Кореяда жашашат.

- Келечектеги максаттарыңыз кандай?

- Мектепти жакшы аяктап, Бишкектеги Кыргыз мамлекеттик медициналык академиядан билим алгым келет. Ошондой эле, Кыргызстандагы мыкты медициналык кызматкер болсом дейм.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 6443
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
18:21,   23.11.2017   ( 27 адам окуп жатат)
×