Бөлүмдөр
Шейшемби, 21-ноябрь
69.73    82.29    1.18    KZT 0.21
Жалал-Абад

Жалал-Абадда рейд учурунда кайырчылык менен алектенген лөлү тектүү 30дай адам кармалды (фото)

Turmush -  Жалал-Абад шаарында кайырчылык менен алектенген лөлү тектүү 30га чукул адам келген аймактарына жөнөтүлдү. Бул тууралуу шаар мэриясынан билдиришти.

Маалыматка караганда, шаар мэриясы менен шаардык ички иштер бөлүмүнө жергиликтүү тургундар кайрылып, сырттан келген кайырчылардын саны көбөйүп жатканын, алар коомдук ашканаларда, жолдордо кайырчылык кылып ишке тоскоолдук келтирип жатышканын айтып, чара көрүүнү өтүнүшкөн. Натыйжада шаар бийлиги рейд уюштуруп, сырттан келген 30га чукул лөлү тектүү кайырчыларды кармап, келген аймактарына кайра кетиришкен.

ШИИБдин башчысынын орун басары Мирбек Султановдун айтымында, кармалган кайырчылардын басымдуу бөлүгү Өзбекстандын жана Ош облусунун аймагынан келишкен.

«Милиция кызматкерлери алардын өздүгүн тактап, келген жактарына жиберишти. Кайырчыларга карата атайын мыйзам жоктугуна байланыштуу башка чараларды көрө албайбыз, болгону рейддерди жүргүзүп, алар тарабынан коомдук тартиптин бузулбашына, шаардын бейпил турмушуна зыян келтирбешине гана көзөмөл салабыз», - дейт ал.

Кайырчылык менен алектенген 32 жаштагы Мухая Тажибаевнын айтымында, ал Ош шаарынан Жалал-Абадга келип, кайырчылык кылып жан багат.

«Учурда 5 балам бар, аларга кийим-кече алып, кышка даярдык көрүшүм керек. Башка жумуш кылалы десек бизди эч жерге ишке алышпайт. Күнүнө 500 сомдон 1500гө чейин акча табам. Бул жакта батирде турабыз, ар бирибиз 20 сомдон күнүнө төлөп жашайбыз. Эгер жумуш болсо башка жумушта иштемекмин», - дейт ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 245
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×