Бөлүмдөр
Бейшемби, 23-ноябрь
69.7    82.04    1.18    KZT 0.21
Нарын

Мыйзамсыз аңчылык кылгандарга рейд : Нарында отставкадагы полковник кармалды (видео, фото)

Turmush -  Мамэкотехинспекциясынын Нарын аймактык башкармалыгы Германия жаратылышты коргоо уюмунун (NABU) барс ыкчам тобу жана Нарын ОИИБдин кызматкерлери менен бирге аңчылык кылгандарга карата рейд өткөрдү. Анын натыйжасында мыйзамсыз аң уулоочулар кармалды, алардын арасында отставкага кеткен полковник дагы бар. Бул тууралуу аймактык кабарчыга  Мамэкотехинспекциясынын башкы инспектору Рудбек Абдраев билдирди.

Анын билдиргенине караганда, атайын пландан тышкары биргелешип өткөрүлгөн рейд Каратал-Жапырык жаратылыш коругунун Соң-Көл аймагын текшерүүгө алган. Рейд учурунда мыйзамсыз аң уулоочулар жана аңчылыкка мыйзамсыз курал-жарагын колдонуп жүргөн жаран дагы кармалган.

«Экологиялык коопсуздук техникалык инспекциясынын регламентине ылайык айлана-чөйрөнү коргоо боюнча сезон убагында рейддерди өткөрүп жатабыз. Акыркы 5 күндүн ичинде эл аралык "НАБУ" тобуну жана Нарын ОИИБдин кызматкерлери тарабынан рейддерди өткөрүүдөбүз. Рейд учурунда 4-5 жаран мыйзамсыз аңчылык кылганы аныкталды. Каратал-Жапырыктан жаңы атылган тоо текенин мүйүзү, 4 суурдун, 1 түлкүнүн териси, 5 капкан, документи жок мылтык алынды. Ал эми, Соң-Көлдөн 2800 метрдей балык кармоочу торлор жана 50 даана сига балыгы, 5 кайыктын мотору алынып, тийиштүү актылар түзүлдү.

Ошондой эле, Нарын районунун чыгыш тарабы Кара-Кужурга барган кезде Миң-Булак айылынын тургуну 3 түлкү, 1 кашкулакка аңчылык кылгандыгын аныктадык. Мындан тышкары, жолдо кетип бара жатып кээ бир унааларды текшерүүгө алган учурда Сары-Булак аймагынан мыйзамсыз аңчылык кылып жүргөн жеринен Кочкор районунун тургуну бир коён, бир кыргоол, үч кекилик, бир чил жана 12-каллибр мылтыгы менен кармалды», - деди Р.Абдраев.

Рудбек Абдраевдин айтымында, аңчылык учурунда кармалган адамдар жетиштүү жашоодо жашагандыгын, аңчылыкка кээ бири «Лексус» үлгүсүндөгү унаалары менен келишкендигин жана алардын арасында отставкадагы полковник дагы бар экендигин кошумчалады.

«Чынында 2-3 жылдан бери мыйзамсыз аңчылык кылгандарга баа көтөрүлүп тынчып калган. Акыркы 5 күндүк рейддин учурунда кайра өскөнүн билдик. Нарын облусунда эле 20 миң курал-жарак мыйзамдаштырылып колдонулуп жаткандыгы тууралуу маалыматтар бар. Кечээ өткөрүлгөн рейдде атайын эле аңчылыкка чыккан жарандар экен, алардын арасында мен тааныган отставкадагы полковник дагы бар», - деди Р.Абдраев.

Мыйзамсыз аңчылык кылгандар боюнча тиешелүү материалдар облустук прокуратурага тергөө үчүн өткөрүлүп берилди.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 5010
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×