Бөлүмдөр
Бейшемби, 23-ноябрь
69.7    82.04    1.18    KZT 0.21
Жалал-Абад

«Жеңеке»: Мугалимге турмушка чыккан 22 жаштагы Айзада жолдошу менен мектепте иштеп жатат (фото)

Turmush -  Аксы районуна караштуу Кызыл-Жар айылына келин болгон 22 жаштагы Айзада Зарипбек кызы учурда жолдошу менен бир мектепте иштейт. Алар кантип таанышып, үй-бүлө курушкандыгы тууралуу аймактык кабарчыга айтып беришти.

Жаш жубайлар 4 жыл социалдык тармак аркылуу сүйлөшкөнүн белгилешти.

«Өзүмдүн атам мугалим болуп эмгектенчү. Мен дагы мектепти бүтүргөндөн кийин Бишкек шаарындагы И.Арабаев атындагы университеттин англис тили факултетине тапшырдым. Окууну бүтүргөн жылы турмушка чыгып, Кызыл-Жар айылындагы №42 Токтогул Сатылганов атындагы орто мектепте англис тилчи мугалим болуп иштеп жатам. Ошол эле мектепте жолдошум дагы тарых сабагынан окуучуларга билим берип келет. Экөөбүз дайыма бири-бирибизди колдойбуз», - дейт ал.

Айзада болочок жолдошу Бегималы менен бир жолу гана жолукканын кошумчалады.

«Ал кезде мен 11-классты жаңы эле бүтүп, жогорку окуу жайга тапшырууга даярданып жаткам. Күндөрдүн биринде дүкөнүбүздө соода кылып жатсам, Бегималы кирип келди. 50 кг шекер сатып алып, биздин дүкөндүн алдында ары-бери басып туруп калды. Мен ага шекерди унаага жүктөшүп коюуну сунуштасам, ал макул болгон жок. Ошол күндөн кийин ал биздин дүкөндүн дайыма келүүчү кардарына айланды. Ошол учурда ал мектепте иштечү, ошондуктан аны агай катары сыйлачумун. Экинчи курсту жаңы эле аяктап, үйгө келсем ал мени жолугушууга чакырды. Ошентип бир жолу жолугуп, андан кийин жолуккан жокпуз. Бир гана социалдык тармак аркылуу сүйлөшүп жүрдүк. Мен 4-курсту аяктап жатканда алар мага куда түшүп келишти. Ошентип баш коштук», - дейт элеттик жеңе.

Анын айтымында, жаңы келин болуп барган кезде кыйынчылыкка дуушар болгон эмес.

«Жаңы келин болуп барган кездеги бир окуя эсимден кетпейт. Өзүмдүн үйүмдөн кетип жатканда жеңемдер күндө эртең менен саат 6га жетпей туруп, короону шыпырасың деп айтышкан. Мен жаңы барганда түнү менен уктабай саат 6 болушун күтүп, эшикке чыксам караңгы экен. Ошентип эшикти таң атаарда шыпырганым эсимде. Кайын журтум абдан түшүнүктүү адамдар. Мен иштейин десем, жолдошум, кайненем, кайнагамдар туура түшүнүп, колдоо көрсөтүштү. Жумуштан кийин үйдө түрдүү тамактарды жасап, келиндик кызматымды аткарып жатам», - деп кошумчалады ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 9031
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
18:21,   23.11.2017   ( 30 адам окуп жатат)
×