Бөлүмдөр
Бейшемби, 23-ноябрь
69.7    82.04    1.18    KZT 0.21
Жалал-Абад

Фото, видео — Кара-көлдүк Шухрат тамшандырган таш кордо жасоонун сыры менен бөлүштү

Turmush -  Кара-Көл шаарынын 39 жаштагы тургуну Шухрат Оморов 11 жылдан бери таш кордо жана аш кордо бышыруу менен алектенип, кошумча киреше табат. Ал Turmush басылмасынын кабарчысына таш кордо жасоонун сыры менен бөлүштү.

Акыркы 10 жылдан бери Токтогул Каскаддар ГЭСиндеги куралдуу күзөт бөлүмүндө күзөтчү болуп иштеген Ш.Оморов: «Таш кордо бышыруу менин хоббим» дейт.

«Бул тамакты жасоо мага абдан жагат. Биринчи жолу бышырганда даамы жаккан эмес. Акырындык менен бышыруунун сырын өздөштүрүп баштадым. Акыркы 11 жылдан бери такшалып калдым. Таш кордо даамдуу болуш үчүн биринчиден этти абдан жакшы маринаддоо керек. Экинчиден отту убактысы, өз ыгы менен жагыш керек. Ошондой эле, ар бир ашпозчунун өзүнүн эч кимге айтпаган сыры болот. Менин дагы өзүмдүн даярдоо ыкмам бар. Таш кордо койдун, козунун жана эчкинин этинен жасалат. Болгону эчкиники куйругу жок болуп калат», - деди ал.

Ш.Оморовдун айтуусунда, таш кордо өзгөчө козунун этинен абдан даамдуу болот.

«Мага бир күн мурун кардар буйрутма берип, козу же коюн таштап кетет. Агам ал койду союп, жиликтеп мага даярдап берет. Бир күн маринаддап, кардар белгилеген убакытка бышырып беребиз. Алгач тандырга от жагабыз. Таш кордо алма, өрүк, мистенин гана чогуна бышат. Козунун этин көмгөндөн кийин 1 саат 15 мүнөттө, койдун эти 1 саат 30 мүнөттө бышат. Оттун табына жараша бышкан мөөнөтү узартылып калышы мүмкүн. Таш кордо атайын тандырда бышат. Аш кордого караганда таш кордонун аты улук, куда-сөөккө же өтө сыйлуу конокторго тартылуучу тамак катары эсептелинет. Аш кордо казанда бышат. Эти таш кордо сыяктуу эле даярдалып, дымдама сыяктуу бышырылат. Аш кордого көбүнчө жаштар буйрутма беришет», - деди ал.

Анын айтуусунда, таш кордону көмүп бышырууга атайын жер астына кирпичтен узуну 1 метр 20 см, туурасы 80 сантиметр, тереңи 1 метр 40 сантиметрди түзгөн тандыр курган.

«Таш кордону 2500 сомго бышырып берем. Ал эми койдун же козу, эчкинин ич эттеринен өрдөк, жыландарды да жасоого буйрутма беришсе 3000 сом болот. Таш кордого жыл бою буйрутма түшүп турат. Бирок жайкысын жана тойлор күч алган мезгилде буйуртмалар көп берилет. Бир айда 10-20га чейин буйрутма түшүп калат. Кээде андан аз болот», - деди Ш.Оморов.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1026
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
18:21,   23.11.2017   ( 29 адам окуп жатат)
×