Бөлүмдөр
Шейшемби, 21-ноябрь
69.73    82.29    1.18    KZT 0.21
Жалал-Абад

Фото — Унаа кырсыктардын көбөйүшүнөн улам токтогулдуктар түлөө өткөрүштү

Turmush -  Акыркы убакта унаа кырсыктар көп катталып, адамдар мерт болуп жаткандыгына байланыштуу Токтогул районунун эли атайын курмандык чалып, түлөө өткөрүштү. Бул тууралуу Turmush басылмасынын аймактык кабарчысы маалымдады.

Жергиликтүү бийликтин маалыматына караганда, түлөө өткөрүү райондогу аксакалдар тарабынан демилгеленди. Анын алкагында Патрулдук милиция кызматкерлери Ош—Бишкек жолунда сапарда бара жаткан 400дөн ашуун унааны токтотуп, айдоочуларга атайын даярдалган түшүндүрмө баракчаларды, тамак-аштарды тапшырышты. Мындай иш-чараны Токтогул районунун Торкен, Үч-Терек айыл аймактары да уюштурат.

Кыргызстандагы жол кырсыктардын бир тобу Ош—Бишкек жолунун ортосунда жайгашкан Токтогул районунда катталат. Райондо 9-ноябрда эле 2 кырсык катталып, 6 адам каза болгон.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 3780
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×