Бөлүмдөр
Бейшемби, 23-ноябрь
69.7    82.04    1.18    KZT 0.21
Ош

Видео - Мейманканадан табылган окуучу кыздар алтын чынжырчаны сатып, Ошко жетишкен

Turmush -  Ош шаарындагы «Ош нуру» мейманканасынан табылган бишкектик окуучу кыздар ата-энесине өткөрүлүп берилди. Учурда алардын абалы жакшы.

2004-жылы туулган Сезим Тургуналиева менен 2005-жылы туулган Мухамед кызы Азиза мейманканадан 11-ноябрда патрулчулар тарабынан табылган. Алар Бишкектеги үйүнөн 9-ноябрда мектепке деп чыккан бойдон дайынсыз жоголгон эле. Ал күнү классташтар сабакка барган эмес.

Ош ШИИБдин басма сөз кызматынан кабарлашкандай, кыздардын бири алтын чынжырчасын сатып, үйүндө коммуналдык кызматтардын төлөмүнө деп сакталып турган 2 миң сомду алып чыккан.

«Экөө Бишкектен Ошко такси менен келип, мейманканага барышкан. Мейманканага 5 миң 200 сом төлөшкөн. Алар жабыркаган эмес, учурда ата-энелери менен бирге», - деди Ош ШИИБдин басма сөз катчысы Райхан Абдразакова.

Окуучу кыздар үйдөн качууга ата-энелеринин урушканы себеп болгонун айтышкан.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 4076
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
18:21,   23.11.2017   ( 28 адам окуп жатат)
×