Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 17-декабрь
Жалал-Абад облусуТогуз-Торо району 13.11.2017 10:49

Жалал-Абадда жарылбай калган снарядды зыянсыздандыруу иштери улантылып жатат

Turmush -  Жалал-Абад — Балыкчы унаа жолунун 332-чакырымында жарылбай калган 1 даана снарядды зыянсыздандыруу үчүн ыкчам топ түзүлүп, тиешелүү иштер жүргүзүлүүдө.

ӨКМдин басма сөз кызматынын маалыматына караганда, Тогуз-Торо районунун аймагындагы жарылбай калган снарядды зыянсыздандырууга көмөктөшүү үчүн Куралдуу күчтөрдүн башкы штабынын «Скорпион» аскердик бөлүгүнүн 4 кызматкеринен ыкчам топ түзүлгөн. Алар 11-ноябрь күнү саат 18:40та райондогу №46 өрт-кутаруу бөлүмүнө барып жайгашышкан.

Кечээ, 12-ноябрда аталган аймакта снаряд табылбагандыгына байланыштуу өздүк курам саат 14:10до №46 өрт-кутаруу бөлүмүнө кайтып келип, саат 14:15те Токмок шаарына жөнөп кетишти. Ошондой эле, Бишкек — Ош унаа жолунун 222-223-246-чакырымдарында 93 даана жарылбай калган снарядды зыянсыздандырууга көмөктөшүү үчүн Куралдуу күчтөрдүн башкы штабынын өздүк курамы менен бирге ыкчам топ түзүлгөн.

Ыкчам топтун курамына ӨКМдин 7 кызматкери, Куралдуу күчтөрдүн башкы штабынын 5 кызматкери кирип, «Нива» жана «Форд» үлгүсүндөгү унаалар менен барышкан. Кечээ, 12-ноябрда Бишкек — Ош унаа жолунун 246-чакырымында снаряддарды издөө иштери жүргүзүлүп, ал табылбагандыктан саат 18:50 издөө иштери токтотулду. Бүгүн, 13-ноябрда жарылбай калган снарядды издөө иштери улантылып жатат. Снаряддарды издөө иштери ӨКМдин 2017-жылдын 9-ноябрындагы буйругунун негизинде жүрүп жатат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×