Бөлүмдөр
Бейшемби, 23-ноябрь
69.7    82.04    1.18    KZT 0.21
Чүй

Чоң эненин туулган күнүндө келини каза болду: 26 жаштагы Наргиза 3 бир туугандын улуусу болгон (фото)

Turmush -  Сокулук районунун Новопавловка айылында курулуп жаткан үйдөн плита түшүп кетип, кошуна үйдү басып калды. Анын кесепетинен каза болгон 26 жаштагы келин Нарын облусунун Ак-Талаа районунан эле.

Наргиза 1991-жылы Кара-Бүргөн айылында төрөлүп, ошол айылда өскөн. 9-класска чейин М.Базаркулов атындагы орто мектепте окуп, андан соң ата-энеси менен Чүй облусуна көчүп келишкен. Наргиза үч бир туугандын улуусу. Өзүнөн кийин эки иниси бар. Айылдаштарынын айтымында, ал мектепте жакшы окуган жана тың кыздардын бири болгон.

Буга чейин Turmush басылмасы окуя 11-ноябрда болгонун маалымдаган. 

ӨКМдин басма сөз кызматынын маалыматына караганда, Деповская көчөсүндө жайгашкан №30 турак үйдүн үстүнө плита кулап түшкөн. Анын кесепетинен 5 адам — 1 эркек киши, 3 аял, 1 жаш кыз жаракат алып, ооруканага жеткирилди. Ал эми, оор жаракат алган келин окуя болгон жерде көз жумган.

Turmush басылмасын кабарчысы кырсык болгон жердеги абалга күбө болуп келди. Маалым болгондой, 6 адам чай ичкени отурушкан. Каза болгон келиндин бир тууган кайын агасы Данияр Амантаевдин айтымында, алар 78 жашка толгон чоң эненин туулган күнүн белгилөө үчүн чогулушкан.

«Көз жумган келинибиз Наргиза дасторконун даярдап, жаңы чайга отурганда плита үйдү басып калды. Ошол учурда анын жолдошу эшикте жүргөн. Алар жаңы үйлөнүшкөн болчу. Учурда апабыз Ш.Гүлайым, 1994-жылы төрөлгөн А.Айтурган жандандыруу бөлүмүндө жатат. Ал эми, А.Динаранын буту сынды.

Кошунабыздын туугандары эч кандай коопсуздукту сактабай курулуш жүргүзүп жаткан. Ал эми, үйдүн ээлери учурда Россияда», - деди Д.Амантаева.

Ал жеңил жаракат алып, ооруканага жаткан жок.


Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 17091
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×