Бөлүмдөр
Бейшемби, 23-ноябрь
69.7    82.04    1.18    KZT 0.21
Баракелде

Жолдошумсуз унаа жолдон өтө албай калган деңгээлге жеткем, - Нуркыз Рыскул кызы: Акындын дүйнөсү

Turmush -  «Жер жарылса ал жарака акындын жүрөгү аркылуу өтөт» деген таамай сөз бар. Ооба, поэзия — өзгөчө дүйнө, айтып бүткүс дастан...

Ар кандай кырдаалды жүрөгү менен кабыл алган жаш, өзгөчө таланттуу уул-кыздардын чыгармалары кыргыз поэзиясынын сандыгын толукталып жатат. Алардын катарын кайталангыс ырлары менен Нуркыз Рыскул кызы толуктайт. Нуркызды бир учурда бир нече жумушка жетишкен универсал адам деп да айтсак болот. Ал — Кыргыз улуттук академиялык драма театрынын адабий бөлүмүнүн жетекчиси, коомдук-саясий гезиттин кабарчысы, «Маданият» телеканалындагы «Театр» телеберүүсүнүн алып баруучусу, ошондой эле кыз-келиндерди сулуулаган өнөрдүн ээси жана 1 кыздын мээримдүү апасы.

Нуркыз Turmush басылмасына поэзия дүйнөсү, ийгилик сырлары жана жеке жашоосу тууралуу айтып берди.

Ак-Талаанын кызымын...

Мен Нарын дубанына караштуу Ак-Талаа районунун Ак-Кыя айылында жарык дүйнөгө келгем. Ошол эле айылдан билим алып, кийин Бишкектеги №87-орто мектебин аяктадым. 2009-жылы К.Карасаев атындагы Бишкек гуманитардык университетинде билим алып баштап, 2014-жылы артыкчылык диплому менен бүтүрдүм.

Нуркыз
Менин поэзия дүйнөм...

Менин поэзия дүйнөм – менин жан азыгым. Багыма башкалардан айырмаланып ыр дүйнө буюруп, кагаз-калемге дос болуп калганыма Кудайга чексиз ыраазычылык келтирем. Пендеге сырыңды айткыча ырларга айткан жакшыраак. Ырлар сатпай турган, сенин мартабаңды арттыра турган жакшы курбу. Ыр дүйнөгө болгон ынтызарлыгым атамдан калган. Атам төкмө, жазгыч акын киши эле. Бала күнүмдөн аруу дүйнөдө жашап, ырлар менен алпурушуп келем. Жөн гана ырларды жаза бербестен, жалган дүйнөдөн көзүм өтүп кетсе да ырларым артымда жашап калса, ошондой деңгээлде ыр жаратсам деп тилек кылам. Ар бир таланттын эмгегине эл тараза. Элдин элегинен өтүп, ыр дүйнөсүндө жаш акын деген атты алып калганым мен үчүн сыймык.

Сүйүү, жашоо акындын көзү менен...

«Аял болуп жаралганым эч нерсе эмес, акын аял болуп жаралганыма кейип кетем» деген Нуркыз Рыскул кызы улуу акын эжекебиздин сөзүн уктум эле. Акын болбосом да акындыкка талапкер калемгер катары бул сезимди жон терим менен сезип келем. Аялзатынын табияты миң кубулган, миң түрлөнгөн аба ырайындай болсо, жүрөгүнө ыр каткан айымдын мүнөзү андан да оорураак болот экен. Бир туруп баладай ишенчээк, бир туруп төгүлгөн жамгырдай нөшөрлөп, бир туруп чайыттай ачылган күндөй мүнөзүм бар. Адатта башка адамдар анчейин көңүлүнө албай турган майда-барат нерселер да менин көңүлүмө өтө катуу тиет. Көз караш, кыйытып айтылган сөз, мунун баары эмнени түшүндүрөөрү мага маалым. Өтө эле сезимтал болуу аялзаты үчүн оор сапат экен. Мейли сүйүүдө, мейли турмушта акын заты өтө эмоционалдуу, өтө кыялкеч сезим менен мамиле кылгандыктан, көп учурда өздөрү жабыркап калат. Мен ошондой ыр деп жүрөгүм ооруган, пенделердин жогорураак добушунан деле жан дүйнөм жабыркай берген жан окшойм.

Токмогу күчтүү болсо кийиз казык жерге кирет...

Токмогу күчтүү болсо кийиз казык жерге кирет мен үчүн өзгөчө терең маанидеги макал. Бул макалды алгач укканда көп деле маани берген эмесмин. Бирок аттиң, турмуш, көп пенделердин түрдүү көз караштары адамды чыйралтып, колуңдан келбей турган нерселерди да үйрөтүп, кайраттандыраарын кийин билдим. Ошондуктан турмуштан сокку жеп, кагылып-согулганда гана адам күчтүү болоорун билип, чындап эле токмогу күчтүү болсо жадагалса кийиз казык жерге кирет турбайбы деген ойго келдим. Токмок десе физикалык жактан жабыр тартуу эмес, турмуштун ур-соккусу адамды чыйралтат деген ойду айтаар элем.

Мен кыргыз кызымын...

Кыргыздын кызы экениме сыймыктанам. Ар бир улут тили, маданияты менен өзүнүн улут экенин билгизип турат эмеспи. Андыктан мейли дүйнөнүн көп улутунун тилин билсек да, изилдесек да өз эне тилибизди, каада-салтыбызды, нарк-насилибизди көз жаздымда калтырбасак.

Көп ишке жетишүүнүн сыры...

Биринчиден каалоо күчтүү болсо гана адам көп нерсени өздөштүрөт окшойт. Өзүмдү көп ишти аткарам деп деле эсептебейм. Жетпей калган максаттарым абдан көп. Азыр да кеч эмес, болгон аракетти жумшап жатам. Ошентсе да учурда эки-үч ишти айкалыштырып келем. Анын катылуу деле сыры жок. Тек гана каалоо күчтүү болушу керек. Экинчиден адам кимдир бирөөгө өтө эле таянып албашы керек экен. Мен жолдошумсуз жадагалса унаа жүрүп жаткан жолду кесип өтө албай да калган деңгээлге жеткем. Бүтүндөй тагдырымды, биздин үй-бүлөнүн желегин колуна карматып алдыга жүргүзүп, артынан анын көлөкөсүндө жашачумун. Бирок аял дагы өз алдынчалуулукка, ар кандай кырдаалда жол таап кеткенге, кайраттуу болууга милдеттүү болушу керек экенин түшүндүм.

Үчүнчүдөн атама өтө жакын элем. Атамдын чечими мен үчүн пайгамбардын насаатынан да жогору болчу. Түшүнбөгөн нерселер, турмушта жол таба албаган учурлар болуп калганда атамдын кеңеши мени көп сактаар эле. Бир күнү таянган тоом да урап калды. Атамды жоготуп ааламым аңтарылып эле, асманым жерге түшкөндөй болду. Ошол кайгылуу окуядан кийин аябай чыйралдым. Көп мүмкүнчүлүктөрүм ачылды. «Эркелээриң болбогон соң эмшеңдегенден не пайда» дегендей, өзүмө ишеним, «көрсө колумдан келет турбайбы» деген сезим пайда болду. Атамдын ордун басаар бир тууган агам, апакем, сиңдилерим бар. Азыр аларды да аяп, анча-мынча маселем менен тынчын албай калгам.

Жеке жашоом...

Жеке турмушум тууралуу айтсам, бир сары кыздын мээримдүү энесимин. «Эне кызына күзгү» дегендей, жакшы эне болуш үчүн болгон аракетимди кылып келем. Кудай мага энелик сезимди эки жолу насип этти. Тилекке каршы экинчи перзентим айына жетпей төрөлүп, тилеген тилегим орундалбай калды. Эне үчүн ошончо ай көтөрүп алган баласын жоготуу абдан оор экен. Бирок Кудайыма шүгүр, бир кызым бар. Кызым 3 жашка толуп, тили эми чыгып жаткан кези.

Жамгыр ыры

Кара кыздын кандай болду тагдыры?
Кадыр билчү жанды тандай алдыбы?
-дээрсиз эстеп, өткөн-кеткен кездерди,
Себелесе салкын жайдын жамгыры.

Мен да сизди эстеп жамгыр жааса эле,
Безеленип, тынчым кетет анча не?
Жаза баскан айрылууга биздеги,
Жамгырлуу кеч күбө болбой калса не?!

Улутунуп, унутулбас күн үчүн,
Убай тартпай керек эле күлүшүм.
Эстеңизчи сиз да мени жамгырда,
Эгер калса сезимде аз үлүшүм...
Эстеңизчи эгер калса үлүшүм...

Бир гана апам мени чанып кетпейт

Чачымды тарасам да, тарабасам,
Күзгүнү карасам да, карабасам,
Бир гана апам мени чанып кетпейт,
Бир гана апам кебин танып кетпейт.

Кийимим жупунубу, ашкереби?
Жашоомо кыш келеби, жаз келеби.
Бир гана апам мени сүйүп турат,
Бир гана апам мага ийип турат.

Чөнтөгүм жукасында, калыңында,
Тагдырым караңгыда, жарыгында,
Бир гана апам жолум аттап кетпейт,
Кыйындык башка түшсө таштап кетпейт.

Кыялым жакшысында, жаманында,
Кыя албайт себеби ага баламын да.
Апакем жалгыз адам, жалгыз адам,
Апакем чындап мени айаарым да..

Эне жөнүндө баллада

Эсимде экзамендер бүтүп калган,
Эл толгон жерден унаа күтүп калгам.
Жаз эле,жука көйнөк кийип алып,
Жамгырга калып бир аз үшүп калгам.

Жыкжыйма аялдама адам батпайт,
Жылууга жамгыр төгүп кадамдатпайт.
Бир бирин жөөлөп өтүп улуу кичүү,
Бирине бири барып амандашпайт.

Аңгыча унаа келди толуп алып,
Арт жактан жайланыштым орун алып.
Биз түшкөн автобуска түшүп калды,
Бир эне ымыркайын колуна алып.

Ортоктош болуп жолдо сапарыма,
Олтурду келип менин катарыма.
Баш аяк суу болсо да аяр карайт,
Баласын катып алган чапанына.

Бала да,отурбай тынч ыйлап келди,
Басылбай энекесин кыйнап келди.
Жүзүнөн жаш эненин бакыт көрүп,
Жүрөгүм бир башкача туйлап келди.

Эне да,кайыл болуп тоңгонуна,
Энтеңдеп бара жатат жолдо мына.
Бар,жокко түшүнбөгөн бал тил кезим,
Балалык келип турду ойлорума.

Ашынган элден бөлөк эрке элем,
Апамды далай кыйнап эркелегем.
Атакем баарын алат керек болсо,
Асманда айды да алып берсе дегем.

Ал кезди келет бүтпөй баяндагым,
Аягы чекити жок баяндарым.
Апамдын ачуусуна тийген күнү,
Атакем болчу жалгыз таянганым.

Эң кымбат,атам-апам жакындарым,
Эч кимге алмаштыргыс асылдарым.
Канатың жайып дайым кучагы кең,
Канча ирет жамгырлардан жашырбадың.

Азыр мен терең ойго түшүп турам,
Айлымдын жытын эңсеп күтүп турам.
Төрүнө биз чоңойгон үйдүн жетпей,
Төгүлгөн жаанда калып үшүп турам.

Сароору,кусалыкты чектесемби,
Сагынган айылыма жетпесемби.
Бүтпөгөн түйшүктөрдүн баарын таштап,
Бүгүндөн калбай туруп кетпесемби!  

Ак жоолук

Апакең келин күтүп кабагы ачык,
Ак жоолук балким жүрөт мага катып.
Ɵзүңдүк кылып алчы жароокерим,
Ɵзгөлөр кете электе ала качып.

Ааламым ушунчалык тарып кетти,
Ак шамдай ыр дүйнөмө жанып кечки.
Ар кимди бой жетти деп көз салдырбай,
Ардагым түбөлүккө алып кетчи.

Бооруңа кысчы бекем сүйүнөйүн,
“Болду”-деп бойдоктуктан түңүлөйүн.
Ак жоолук үлбүрөгөн куп жарашып,
Атакең апакеңе жүгүнөйүн.
Көзүмдү турмуш ачты
Көзүмдү турмуш ачты,
Көрсө мен жалаң жакшы,
Көркөмдүү нерселерди көрчү экемин,
Эң жакын көрүп көбүн,
Эмне айтса бардыгына көнчү экемин!
Ошентип көнө берип,
Обу жок көңүлүмдү бөлө берип,
Жакыным дегендерди көптүрүпмүн!
Кыйындык башка түштү,
Кыялын билдим шондо көпчүлүктүн!
Таарынбай калдым анан,
Таш жолдо бара жатып калдыраган!
Адам ал жалгыз туулуп, жалгыз өлөт,
Анда не күйүп, бышып жанды чабам?!
-дедим да өзүмдү өзүм,
Көбүрөөк баштагыдан аяп калдым,
Көңүлдү кир жугузбай карап калдым!
Аралаш, бирок балдай таттуусунан,
Ачуусу көп турмуштан сабак алдым.

Жаркыраймын апа сенин сүйүүңдөн!

Көрө албастар басса мейли ийинден,
Көр пенденин кир сөзүнө ийилбейм!
Жан бүткөндөн мага сиздей асыл жок,
Жаркыраймын апа сенин сүйүүңдөн!
Балкып денем "балам" деген үнүңдөн,
Бактылуумун теңдеши жок бүгүн мен!
Жан бүткөндөн билем апа бир гана,
Жалгыз эле өзүңүздөн түңүлбөйм!

Өзүңүздөй мага кимдер жалынат?
Өпкө боорун чабып чындап сагынат?
Канчаларды көрдүм деген ичинен,
"Качан эми түз жолунан чалынат?"
Апакебай, аруу жаным, таптазам,
Адамдардан алда канча башкачам!
Арам ойлуу жамандардан корголойт,
Алаканың жайып берген ак батаң!
Апакебай аруу жаным таптазам!

Ата!
Баягы кара кызың,
Бал тилдүү бала кызың
Иймейип жасап жүргөн,
Иштери чала кызың!
Өзгөрдү...
Эне болду, 
Бирөөгө жеңе болду,
Бирөөгө сыймык болсо,
Бирөөгө жеме болду! 

Ата! 
Баягы эрке кызың,
Бакырып келсе кызың,
Басылтчу кучак жайып,
Бая кез келсе кызың...

Кучактап алат эле!
Кубанып калат эле!
Мүңкүрөп калбас үчүн,
Мүрөк суу табат эле! 

Атаке кара кызың,
Бал тилдүү бала кызың ӨЗГӨРҮЛДҮ!!!

Энекем айтаар эле...
Энекем айтаар эле,
Эскерип эстей жүргүн,
Эшикти теппей жүргүн.
Таш түшкөн жериң үйүң,
Таарынып кетпей жүргүн.

Жаманды жактабай жүр,
Жакының мактабай жүр.
Көралбас айткан кепти,
Көөнүңө сактабай жүр.

Колунда барды мактап,
Кол жуулук болбой жүргүн.
Басынтып жөнөкөйдү,
Баалабай койбой жүргүн.

Текебер жаман адат,
Тең кара баардыгына.
Үшкүрбө башка түшсө,
Үйүңдүн тардыгына.

Пейилиң кенен болсун,
Билимиң терең болсун.
Айттырбай келгендерге,
Аш, наның белен болсун.

Жаркылдап күлүп тургун
Жарыңды сүйүп тургун.
Аялдык жакшы сапат,
Айттырбай билип тургун.

Чоң энем баарын айтчу,
Чоңун да, майда барат.
Эселек кезим эле,
Эмнеле майдаланат?

-дечү элем көрсө баары,
Турмушта керек тура.
Чоң энем айткан кептер,
Чоң бакыт, белек тура.
(2013-жыл)

Апам экөөбүздүн сүйлөшүүбүздөн...

- "Алло апа"...

"Эркетайым жакшы эле уктадыңбы?
Эч кимдерден жаман сөз укпадыңбы?
Көздөрүңдөн кагылып кетейиним,
Көрсөм экен көкөлөп учканыңды.

Балаң кандай? Сыркоолоп калбагыла,
Баскылыкка көп эле барбагыла.
Үшүп калып суук тийип кыйналасың!
Үйдө жылуу чыгарбай кармагыла!

Синдиң кандай?Окуусу жакшы бекен?
Сырт кийими жаңы алган жакты бекен?
Эртең окуу кечигип калышпасын,
Эрте эле жылуураак жатты бекен?

Жолду карап өткүлө шашпагыла!
Жок деп унаа жол кесип баспагыла!
Жетип келет а кырсык айтмак беле,
"Жетишем да" дегенди таштагыла!

Кичүүсүчү,телефон албай атат,
Күттүм,кайра негедир чалбай атат.
Бир саат мурда сүйлөшкөн чыктым деген,
Бир да санаам түгөнүп калбай атат"...

-Ой апаке, угулбай калса керек,
Отура тур,көрсө эле чалса керек!
Бизде баары жакшы эле, үшүбөйбүз,
Бишкек суук деп жөн эле айта берет.

-деп жооткотуп санаага батпаса дейм,
Ден-соолугун коротпой сактаса дейм.
Өмүр тилеп күнүүн апакеме,
Өтүп кетиш үчүн эч шашпаса дейм.

Алтын апам санааркап тураарым ай,
Ар кыймылым ар убак сураарым ай.
Садагалап жалынып карааныма,
Сактап турган колдоочум,тумарым ай.

Күндө бир маал чалбасам сагынаарым,
үттүм неге кечсиң?" деп таарынаарым.
Мерез турмуш ызгаары тоңдурганда,
Мээримиңдин отуна табынаарым!

Көңүлдү калтырбагыла!

Тирүүлүк кыска, күлгүлө, жаркылдагыла!
Түрүлүп толкун болгула, шарпылдагыла!
Күндөр эх учат, эртеңдер бүтөт андыктан,
Гүлдөн да назик көңүлдү калтырбагыла!

Көңүл бул аруу сүткө окшош иритпегиле!
Көңүлгө тийчү сөздү алгач жиликтегиле!
Оозуңдан чыккан сөз окко тете андыктан,
Оорулуу ансыз көңүлгө тийишпегиле!

Сатылбайт, бекер, жакшы сөз аябагыла!
Саналуу өмүр, байлыкка карабагыла!
Баарысы калат, баарысы өтөт андыктан,
Дүйнөгө түркүк эч кимди санабагыла!

Көңүл эх, көңүл, эч кимден кала көрбөгүн,
Кирдесең жуучу, эмессиң кийген көйнөгүм!
Ачуу сөз айтчу, бузуку жаман ооздордон,
Аярлап сени жүргөнүм үчүн өйдөмүн.
Көңүл сен менин эмессиң кийчү көйнөгүм...

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 4531
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
18:21,   23.11.2017   ( 32 адам окуп жатат)
×