Бөлүмдөр
Шейшемби, 21-ноябрь
69.73    82.29    1.18    KZT 0.21
Жалал-Абад

Айыл турмушу: Ноокендик ишкер 25 млн сомго курган күнөсканада 25 адам эмгектенип жатат (фото)

Turmush -  Ноокен районунун Бүргөндү айыл аймагында 10-ноябрда «Кызмат көрсөтүүлөрдү жана тейлөөлөрдү уюштуруу аркылуу жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүү» аталышындагы облустук иш-чара өттү. Бул тууралуу өкмөттүн облустагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн басма сөз катчысы билдирди.

Маалым болгондой, иш-чарага жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттиктин жетекчисинин орун басары Мурат Байдылдаев, өз алдынча башкаруу союзунун директору Өмүрбек Алманбетов, ыйгарым укуктуу өкүлдүн биринчи орун басары Мамасалы Акматов, райондун акими Эркинбек Маматаев, шаар мэрлеринин социалдык маселелер боюнча орун басарлары, вице-мэрлер жана айыл аймактардын башчылары катышты. Семинардын алкагында баяндамалар жасалып, катышуучулар суроо-жооп аркылуу тажрыйба алмашты.

Алар аталган айыл аймакта курулган бир катар социалдык объектилердин, айдоо аянттарына суу чыгаруучу каналдын, күнөскананын жана 25 орунга ылайыкталган жаңы оорукананын иши менен таанышты. Учурда айыл аймакта Ноокен районун өнүктүрүү фондунун жана жергиликтүү бюджеттин эсебинен 15 млн сомго 2 бала бакча, 25 млн сомго 2 спорттук зал жана 1 стадиондун курулуш иштери жыйынтыкталып жатат.

Мындан тышкары, жеке ишкер Иманбек Намазбеков тарабынан 25 млн сомго 2,5 гектар аянтка күнөскана курулуп, жашылчалар өстүрүлүүдө. Күнөсканада 25 адам жумуш менен камсыз болуп, бул жерде өстүрүлгөн жашылчалар Россияга экспорттолот.

Учурда Бүргөндү айыл аймагынын калкынын саны 18 миң 170 адамды түзөт. Айыл аймактын курамына 9 айыл кирип, 10 мектеп, 6 ФАП, 1 оорукана жана 1 үй-бүлөлүк дарыгерлер тобу иштейт.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 268
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×