Бөлүмдөр
Жекшемби, 24-июнь
Баракелде

20 жаштагы кыргызстандык кыз Москва дарыясына кулап кетти

Turmush -  Кыргызстандык кыз Крым көпүрөсүнөн Москва-дарыясына кулап кеткен. «Говорит Москва» радиостанциясы жеке булактарга шилтеме берип билдиргендей, саат 9:48 чамасында көпүрөнүн кызматкери дарыяга адам чөгүп бара жатканын байкаган.

Дароо чаралар көрүлүп, куткаруучулар жээктен 70 метр алыстан аял кишини алып чыгышкан. Ага медициналык жардам көрсөтүлгөн. Бактыга жараша ал оор жаракат алган эмес. Кийинчерээк дарыядан чыгарылган кыз Кыргызстанда 1997-жылы төрөлүп, убактылуу Москвада каттоого турганы белгилүү болгон. Ал өзү дарыяга көпүрөдөн кокусунан кулап кеткенин айткан.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 10030
Көп окулду
×