Бөлүмдөр
Ишемби, 20-октябрь
Ош облусу, Ош 11.11.2017 17:04 Жаңыланды: 11.11.2017 23:59

Фото - Бишкектен жоголгон окуучу кыздар Оштогу мейманканадан табылды

Turmush -  Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын криминалдык милиция кызматынын кызматкерлери Р.Сарыев менен Т.Абдрахманов 9-ноябрда мектепке кеткен бойдон дайынсыз жоголгон бишкектик окуучу кыздарды табышты. Классташ кыздар ал күнү сабакка барышкан эмес.

2004-жылы туулган Сезим Тургуналиева менен 2005-жылы туулган Мухамед кызы Азиза Ош шаарындагы «Нур» мейманканасынан табылган. Бул тууралуу ШИИБдин басма сөз кызматынан бүгүн, 11-ноябрда кабарлашты.

Милициянын маалыматы боюнча, окуучу кыздар үйдөн качууга ата-энелеринин урушканы себеп болгонун айтып жатышат. Алар эч кандай жаракат алган эмес, абалы жакшы. Учурда милиция кызматкерлери өспүрүм кыздар менен профилактикалык маек өткөрүп жатат. Алар ата-энелерине өткөрүлүп берилет.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×